Шаардык кызматтардын адистеринин жана Кыргыз Республикасынын ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин өкүлдөрүнүн жарандык коргонуу боюнча ИИИнин өкүлү - жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча инженердик-техникалык иш-чаралар бөлүмүнүн жетекчиси Евгений Соколов менен жолугушуусу өттү.
Кеңешменин жүрүшүндө катышуучулар Бишкек шаарынын аймагында мүмкүн болгон табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана берүү менен байланышкан маселелерди талкуулашты.
Өзгөчө көңүл табигый коркунучтардын тизмесин системалаштырууга бурулуп, мониторинг жогоруда аталган департамент тарабынан такай жүргүзүлүп турат. Ошондой эле келечекте шаардын экологиялык коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү жаратылыш кырсыктарын болжолдоо жана алдын алуу боюнча колдонуудагы механизмдер каралды.
Департамент табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучу бар аймактар жөнүндө актуалдуу маалыматтардын кеңири базасына ээ. Алынган маалыматтар Бишкек шаарынын аймагынын коопсуз өнүгүүсүн камсыз кыла турган келечектеги башкы пландын долбоордук чечимдеринин негизин түзөт.