Коомдук транспорт менен жүргөн жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын бир катар негизги көчөлөрүндө коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилкелерди уюштурууну улантуу маселесин карап жатат.

Учурда төмөнкү көчөлөр каралууда:
- Ю. Абдрахманов көчөсү (Байтик Баатыр көчөсүнүн уландысы) — А. Токомбаев көчөсүнөн Жумабек көчөсүнө чейин;
- Жибек Жолу проспекти — Лермонтов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
- И. Ахунбаев көчөсү — 7-Апрель көчөсүнөн Ч. Айтматов проспектисине чейин;
- Чүй проспекти — Лермонтов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин;
- 7-Апрель көчөсү — Жибек Жолу проспектинен А. Токомбаев көчөсүнө чейин;
- Дэн Сяопин проспекти — Фучик көчөсүнөн Б. Алыкулов көчөсүнө чейин.

Бул өзүнчө тилкелер автобустардын ылдамдыгын жогорулатууга, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртууга жана жолдо жүрүүгө кеткен убакытты кыскартууга мүмкүнчүлүк берет.

Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарынын мэриясы туруктуу жана ыңгайлуу транспорттук системаны өнүктүрүүгө багытталган бул чараларды колдоого чакырат.