Бүгүн, 2025-жылдын 15-сентябрында борбор калаада Лев Толстой көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн К.Акиев көчөсүнө чейинки жалпы узундугу 3,2 км болгон бөлүгү оңдоп-түзөө иштеринен кийин ачылды.
Бул тилкеде төмөнкү иштер аткарылды:
– эки катмар асфальт төшөлдү;
– жаңы жол белгилери орнотулду;
– жол сызыктары түшүрүлдү;
– жол боюндагы бордюрлар жаңыртылды.
Бул иштер шаардагы транспорт агымын жеңилдетүүгө жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана конокторун жаңыланган жолдордо жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.
Белгилей кетсек, оңдолуп жаткан көчөлөрдүн айрым кесилиштеринде унаалардын көптүгүнөн улам тыгындын алдын алуу максатында кошумча чийиндер түшүрүлдү.