2025-жылы Бишкек шаары административдик-аймактык реформанын алкагында борборго кошулган аймактарды өнүктүрүү боюнча олуттуу кадамдарды жасоодо. Бул максаттар үчүн бюджеттен 600 миллион сомго жакын каражат каралып, ал социалдык объектилерди курууга, инженердик инфраструктурага, жолдорго жана көрктөндүрүү иштерине багытталууда.
2025-жылга карата административдик-аймактык реформанын алкагында Титулдук курулуш тизмеси төмөнкүлөрдү камтыйт:
* 6 социалдык объектти куруу жана 7 долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүү;
* «Орок» мектепке чейинки билим берүү имаратын капиталдык оңдоо;
* 7 мамлекеттик инфраструктура объектилерин куруу (электр менен камсыздоо, суу менен камсыздоо, канализация) жана 24 долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүү.
Жол тармагында:
* Жалпы узундугу 12,16 км болгон 18 көчөнү оңдоого 157,7 млн сом бөлүнгөн;
* жол белгилери жаңыланууда;
* жашоочулар мектептерге, ооруканаларга жана социалдык объектилерге ыңгайлуу жеткиликтүү.
Коопсуздукту жана ыңгайлуулукту жогорулатуу үчүн дээрлик 49 миллион сомго 2078 жарык берүүчү түйүн орнотулду.
Мындан тышкары, Бишкек шаардык кеңеши борбордун жана муниципалдык аймактык башкармалыктар тейлеген аймактардын жаңы административдик чек араларын бекитти. Эки жаңы МАБ түзүлүп, штаттык курам кошумча кызматкерлер менен толукталды.
Бул кадамдар инфраструктураны өнүктүрүүнү тездетип, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатып, борбордун жана аймактардын жашоочулары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.