Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Жибек-Жолу проспектиси, 281 дарегинде жайгашкан №23 орто мектептин жаңы имаратынын курулушу боюнча долбоор ишке ашырылууда.

Жаңы имарат үч кабаттуу, жер төлөсү менен болот. Жалпы аянты 5199,19 чарчы метр, ал эми мектептин долбоордук кубаттуулугу 560 окуучуга ылайыкталган.

Конструкциялык чечими: монолиттик темир-бетондуу мамычалуу пайдубал, кыштан тургузулган сырткы дубалдар, каркас системасы, көп кырдуу чатыр жана базальт плиталары менен жылуулоо. 

Аянты 0,85 гектар жер тилкеси Жибек-Жолу проспектиси менен Осмонкул көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан.

Аймак көрктөндүрүлүп жана жашылдандырылат: мини-футбол аянтчасы, баскетбол жана волейбол аянтчасы, воркаут зонасы, балдар аянтчасы, ошондой эле асфальт- бетон жана брусчатка, жаан сууларын агызуучу канализация системасы, өрткө каршы жолдор.

Имараттын функционалдык схемасы окуу процессин уюштуруу үчүн заманбап талаптарга жооп берет. Жертөлөдө техникалык жана чарбалык бөлмөлөр, кампалар жана муздаткыч камера жайгашат. Биринчи кабатта башталгыч класстар, китепкана, медициналык бөлүм, ашкана жана административдик кабинеттер жайгашат. Экинчи кабатта предметтик кабинеттер, лабораториялар жана компьютердик класстар жайгашат. Үчүнчү кабатта актовый зал жана спорт залы, клуб жана чыгармачылык бөлмөлөр жайгашат.

Подрядчы — «СК Лидер Хаус» ЖЧКсы. Учурда объектте котлаван казуу иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, №23 орто мектеп 1952-жылы ачылып, республикадагы немец тилин тереңдетип окуткан жападан жалгыз мектеп, ошондой эле мугалимдердин квалификациясын жогорулатуучу базалык мектеп болуп калган.

Бирок 2024-жылдын 11-ноябрында жер титирөөгө каршы курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун корутундусу менен имарат жабылып, 2025-жылы толугу менен бузулган. Анын ордуна заманбап окуу комплекси курулуп жатат, ал учурдагы курулуш нормаларына, сейсмикалык туруктуулук талаптарына (8 балл), ошондой эле өрт жана жарылуу коопсуздук стандарттарына жооп берет.