Бишкек шаарынын мэриясында мэр Айбек Джунушалиев менен борбордогу кесиптик-техникалык лицейлердин директорлорунун жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Талкуунун жүрүшүндө кызматташуунун бир нече приоритеттүү багыттары белгиленди. Биринчи кезекте мектеп окуучуларына кесип тандоодо багыт берүү маселелерине көңүл бурулду. Толук орто билим алууну пландабагандар үчүн келечектеги кесипти алдын ала чечип алуу, окутуу жана ишке орношуу үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр бар экенин түшүнүү маанилүү.

12 жылдык билим берүүгө өтүү реформасына өзгөчө басым жасалды. Бул процесстин алкагында мектеп окуучуларына жалпы билим берүүчү предметтерди өздөштүрүү гана эмес, окуу учурунда кесипкөйлүккө да ээ болууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Ошондой эле эң көп суроо-талапка ээ болгон  кесип жана адистиктер боюнча муниципалдык тапшырыкты калыптандыруу жана түзүү маселелери каралды.

Студенттердин өндүрүштүк практикасына да  көңүл бурулду. Мэриянын бир катар түзүмдүк бөлүмдөрүндө, ошондой эле «Бишкек жарык», «Бишкек жашыл курулуш», «Бишкексууканал» жана башка ишканаларында стажировкадан өтүүнүн варианттары талкууланды.

Муну менен катар, чоңдор үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөр жөнүндө сөз болду. Муниципалдык түзүмдүк бөлүктөрдө иштеген кызматкерлерге кошумча билим берүү жана аттестациялоо программаларын уюштуруу, ошондой эле жумушсуз жарандарды  жумушка орноштуруу үчүн окутуу перспективасы каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында шаар мэри конкреттүү мөөнөттө жана жооптуу аткаруучулар менен иш планын иштеп чыгууну тапшырды, ошондой эле багыттар боюнча сапаттуу билдирмелерди даярдоо боюнча тапшырмаларды берди.