Борбор калаанын муниципалитетинин жыйындар залында Бишкек шаарынын мэри менен Кореянын жылуулук берүү корпорациясынын (Korea District Heating Corporation) башкы директору Чон Ён Ки баштаган делегациянын жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун максаты энергетика тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде борборлоштурулган жылуулук системасын өнүктүрүүнү талкуулоо болду.

Ошондой эле жолугушууда отун-энергетика комплекси департаменти менен аталган корпорациянын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Маалым болгондой, меморандум 6 багыт боюнча ишке ашырылат, анын ичинде жогорку технологияларды колдонуу менен жылытуу системасын модернизациялоонун стратегиялык планын иштеп чыгуу, көмүр кычкыл газын азайтуу, тарифтик план саясатын иштеп чыгуу ж.б.

Жолугушуунун соңунда тараптар Бишкекке болгон иш сапары жана конструктивдүү диалог үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы жемиштүү кызматташууга үмүт артышты.