Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы 2025-жылдын 8 айынын ичинде шаардын көрктөндүрүү эрежелерин сактоо, санитардык абалды камсыз кылуу боюнча шаар тургундарынын жана чарба жүргүзгөн субъекттердин иш-аракеттерин көзөмөлдөө боюнча кеңири иштерди жүргүздү.

Күнүмдүк кызматтык ишмердүүлүктүн алкагында базарларда, көчөлөрдө, коомдук жайларда жана соода объектилеринин жанында белгиленген нормалар менен эрежелердин сакталышын көзөмөлдөөгө багытталган 920 рейд өткөрүлдү.

Көрсөтүлгөн мезгил ичинде түнкү жана дем алыш күндөрүн камтыган 484 нөөмөт уюштурулуп, мыйзам бузууларга ыкчам чара көрүлдү.

Инспекция тарабынан менчик формасына карабастан 23 698 чарба жүргүзгөн субъект текшерилип, жыйынтыгында 7 892 мыйзам бузуу аныкталды. Ар бир мыйзам бузуу боюнча Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протоколдор түзүлүп, жалпы суммасы 62 002 500 сомго жетти.

Ошондой эле, ишкер субъекттер жана жарандар арасында колдонуудагы мыйзамдар тууралуу түшүндүрүү иштери активдүү жүргүзүлдү. Инспекция кызматкерлери тарабынан көптөгөн бузуу фактыларын жоюу боюнча көрсөтмөлөр берилип, алардын аткарылышы боюнча туруктуу көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Муниципалдык инспекция шаарда тартип орнотуу, коопсуз жана таза шаардык чөйрөнү түзүү боюнча максаттуу иштерди улантып, жарандарды белгиленген эрежелерди сактоого чакырат.