Бүгүн, 6-сентябрда борбор калаанын Биринчи Май районунда “Алтын-Казык” жаңы мал базарынын ачылышы болду. Базар Юбилейная көчөсү менен Түндүк айланма жолдун кесилишинде жайгашкан жана ветеринардык коргоо зоналарынын бардык талаптарына жооп берет.
Ачылыш аземге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев, Бишкек шаарынын биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков, Биринчи Май районунун башчысы биринчи орун басары Райым Жолдошов жана жаңы базардын башчысы Асылбек Чынгышбаев катышты. Коноктор базардын инфраструктурасы, сатуучулар жана сатып алуучулар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышып, ветеринардык лабораториясын, эт комбинатын көрүштү.
Базардын аянты 4 гектарды түзөт. Ал 1500 баш бодо малды жана 6000 баш майда малды жайгаштырууга ылайыкталган. Мындан тышкары 300 жумушчу орун түзүү пландалууда. Аймакта чарба сарайлар, 360 чарчы метр аянтты ээлеген заманбап ашкана, санитардык талаптарга жооп берген ыңгайлуу мал союучу жай курулган.
Бүгүнкү күндө Пригородный базары жаңы аймакка толугу менен көчүп бүттү. «Жантай», «Эски толчок», «Расул-Ата» жана башка базарларды көчүрүү иштери уланууда. Сатуучулар жайгашкан жердин ыңгайлуулугун жана Алтын-Казыкта түзүлгөн заманбап шарттарды белгилешти.
Жаңы базардын ачылышы шаардын борбордук көчөлөрүн башаламан соодадан бошотуп, коопсуздукту, санитардык жана ветеринардык нормаларды камсыздайт, ошондой эле борбор калаанын тургундары үчүн жаңы жумуш орундарын түзөт.