2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү жана Бишкек шаарын жылуулук жана электр энергиясы менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз камсыздоо максатында ЖЭБде пландык оңдоо иштери жүргүзүлүп, анын ичинде Бишкек ЖЭБинин жабдууларын, имараттарын жана курулмаларын оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Ошентип, бүгүнкү күндөгү абал боюнча 3 отказан агрегат, 2 турбиналык агрегат кайчылаш байланыштары менен иштеп жатат.
8 отказан, 3 турбиналык агрегат, 3,4 блоктор оңдолууда жана 4 отказан, 2 турбиналык агрегат камдыкта турат.
2025-2026-ж.ж. күз-кыш мезгилине отказан жана турбиналык жабдуулардын техникалык даярдыгын камсыз кылуу, пландалган жылуулук жана электр жүктөмдөрүн аткаруу үчүн 2025-жылы отказандын негизги жабдууларын оңдоо графигине ылайык ст.№22 - отказан агрегатын орточо оңдоо жана ст.№12, 18, 20, 24 - отказан агрегаттарын учурдагы оңдоо, 2024-жылдан бери келе жаткан ст.№13 - отказанды орточо оңдоону жана ст.№10 - отказанын учурдагы оңдоону бүтүрүү пландаштырылган.
Турбиналык агрегаттар боюнча 2025-жылы №7 – турбиналык агрегатты капиталдык оңдоого, 4 турбиналык агрегаттарды №5, 8, 10, №11, станциянын №3,4 - энергоблокторун учурдагы оңдоого чыгаруу пландаштырылууда. 2024-жылдан бери оңдолуп жаткан №6, 9 – турбиналык агрегаттарды жана жылытуу жабдууларын капиталдык оңдоолорун аяктоо каралган.