2025-жылдын 7-июнунда кооз Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Рух Ордо” маданий борборунда “Наристе” V Эл аралык балдар фольклордук фестивалынын жабылыш аземи өттү.
Быйыл «Наристе» фестивалына Венгриядан, Кытайдан, Монголиядан, Болгариядан, Индиядан, Казакстандан, Түркиядан, ошондой эле Россия Федерациясынын ар кайсы шаарларынан – Москвадан, Санкт-Петербургдан, Новосибирсктен, Тыва, Татарстан Республикаларынан чыгармачыл топтор катышты. Кошумчалай кетсек, фестивалга Эл аралык жана Бишкек Дельфий оюндарынын жеңүүчүлөрү, Кыргызстандын бардык жети облусунун өкүлдөрү катышты.
Салтанатта Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев куттуктоо сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө мындай маданий демилгелердин маанилүүлүгүн белгиледи.
«Наристе» фестивалы бизге канчалаган таланттуу балдарыбыз бар экенин, маданиятыбыз канчалык бай жана ар түрдүү улуттарды бириктирип турганын көрүүгө мүмкүнчүлүк берди», - деп баса белгиледи мэр.
Бардык жаш катышуучуларга маданий программага активдүү катышкандыгы үчүн «Наристе» фестивалынын сертификаттары тапшырылды.
Фестиваль жаркын гала-концерт менен аяктады, анда катышуучулар өздөрүнүн мыкты номерлерин көрсөтүштү. Бир катар республикалардын өкүлдөрү улуттук салттуу музыканы бир сахнада айкалыштырып, "Манасчы" жана "Маш ботой" чыгармаларын аткарышты.
“Наристе” фестивалы өсүп келе жаткан муундун каада-салттарга, фольклордук чыгармаларга жана маданияттар аралык диалогго болгон кызыгуусун калыптандырууда чоң роль ойноп, улуттар ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоого салым кошууда.