7 июня 2025 года в культурном центре «Рух Ордо» на берегу живописного Иссык-Куля прошла церемония закрытия V Международного детского фольклорного фестиваля «Наристе».

В этом году фестиваль «Наристе» объединил творческие коллективы из Венгрии, Китая, Монголии, Болгарии, Индии, Казахстана, Турции, а также различных регионов Российской Федерации — Москвы, Санкт-Петербурга, Новосибирска, Республик Тыва и Татарстан. Кроме того, в фестивале приняли участие победители Международных и Бишкекских Дельфийских игр, а также представители всех семи областей Кыргызстана.

С приветственным словом на церемонии выступил мэр города Бишкек Айбек Джунушалиев. В своей речи он отметил важность подобных культурных инициатив.

«Фестиваль «Наристе» подарил нам возможность увидеть, как много у нас талантливых детей, насколько богата и разнообразна культура, объединяющая разные народы», — подчеркнул мэр.

Все юные участники были награждены сертификатами участника фестиваля «Наристе» в знак признания их творческого вклада и активного участия в культурной программе.

Завершением фестиваля стал яркий гала-концерт, на котором участники продемонстрировали лучшие творческие номера. Особым акцентом стало совместное выступление сводного ансамбля, в котором представители нескольких республик исполнили произведения «Манасчы» и «Маш ботой», объединив национальные музыкальные традиции в одном сценическом номере.

Фестиваль «Наристе» продолжает играть значимую роль в формировании у подрастающего поколения интереса к традициям, фольклору и межкультурному диалогу, способствуя укреплению дружбы и взаимопонимания между народами.

2025-жылдын 7-июнунда кооз Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Рух Ордо” маданий борборунда “Наристе” V Эл аралык балдар фольклордук фестивалынын жабылыш аземи  өттү.

Быйыл «Наристе» фестивалына Венгриядан, Кытайдан, Монголиядан, Болгариядан, Индиядан, Казакстандан, Түркиядан, ошондой эле Россия Федерациясынын ар кайсы шаарларынан – Москвадан, Санкт-Петербургдан, Новосибирсктен, Тыва, Татарстан Республикаларынан чыгармачыл топтор катышты. Кошумчалай кетсек, фестивалга Эл аралык жана Бишкек Дельфий оюндарынын жеңүүчүлөрү, Кыргызстандын бардык жети облусунун өкүлдөрү катышты.

Салтанатта Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев куттуктоо сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө мындай маданий демилгелердин маанилүүлүгүн белгиледи.

«Наристе» фестивалы бизге канчалаган таланттуу балдарыбыз бар экенин, маданиятыбыз канчалык бай жана ар түрдүү улуттарды бириктирип турганын көрүүгө мүмкүнчүлүк берди», - деп баса белгиледи мэр.

Бардык жаш катышуучуларга маданий программага активдүү катышкандыгы үчүн «Наристе» фестивалынын сертификаттары тапшырылды.

Фестиваль жаркын гала-концерт менен аяктады, анда катышуучулар өздөрүнүн мыкты  номерлерин көрсөтүштү. Бир катар республикалардын өкүлдөрү улуттук салттуу музыканы бир сахнада  айкалыштырып, "Манасчы" жана "Маш ботой" чыгармаларын аткарышты.

“Наристе” фестивалы өсүп келе жаткан муундун каада-салттарга, фольклордук чыгармаларга жана маданияттар аралык диалогго болгон кызыгуусун калыптандырууда чоң роль ойноп, улуттар ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоого салым кошууда.