Ушуну менен Бишкек шаарынын мэриясы укуктук жөнгө салууну талкуулоонун башталышы жана кызыкдар жактардын сунуштарын чогултуу тууралуу маалымдайт.
1. Сунушталган жөнгө салуу менен чечүүгө багытталган маселелердин баяндалышы (мүмкүн болгон учурда тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү):
1) Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги № 312 «Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууга тарифтер жөнүндө» токтому менен бекитилген колдонуудагы тарифке ылайык, муниципалдык автобустарда жана троллейбустарда жол кире наркы накталай эмес формада 17 сом, накталай формада 20 сом. Накталай жана накталай эмес төлөм формасындагы айырма 3 сомду түзөт.
Калктын жол кирени электрондук төлөө системасын пайдалануусун стимулдаштыруу максатынданакталай формасындагы жол кире акысын көбөйтүү сунушталууда.
Ошондой эле, бир жол жүрүү билети менен белгилүү бир убакыттын ичинде бир нече каттамдарды которууга мүмкүндүк берген тарифти киргизүү пландаштырылууда.
2) Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында жеке экспресстик каттамдар киргизилген эмес. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелеринде экспресстик каттам түшүнүгү - баштапкы пункттан акыркы пунктка чейин аралыкта токтоосуз жүргөн автобус каттамы деп белгиленет.
Экспресс каттамдары шаардын алыскы аймактарынын ортосунда, баштапкы пункттан акыркы пунктка чейин аралыкта токтоосуз тез транспорттук байланышты камсыз кылат. Аялдамалардын минималдуу санында транспорттук каттамдардын кыймылы ушул каттамдардагы автобустардын жана микроавтобустардын ылдамдыгын кыйла жогорулатып, жыйынтыгында жүргүнчүлөр көздөгөн жерлерине тезирээк жете алышат.
Борбор калаанын жашоочуларына жана конокторуна шаар боюнча жана башка багыттарга коомдук транспорттун жүрүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жеке экспресс автобустук жана микроавтобустук каттамдарды жол жүрүү үчүн өзүнчө тарифтерди бекитүү аркылуу ачуу пландаштырылууда.
3) Азыркы учурда муниципалдык коомдук транспортто жүрүү үчүн стандарттуу жумалык жана жылдык жол жүрүү билеттери жок. Ушуга байланыштуу жумушчу топ тарабынан коомдук муниципалдык транспортто көрсөтүлгөн жол жүрүү билеттерин киргизүү жөнүндө маселе каралууда.
4) Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында жашаган жана шаардык каттоодо турган 63 жашка толгон эркек жана жашы 58ге толгон айым аскер пенсионерлерине, коомдук муниципалдык транспортто акысыз жүрүү укугу каралган эмес. Ошону менен бирге, Бишкек шаарынын мэриясынын дарегине аскер пенсионерлеринин, күч ведомстволорунун аскер пенсионерлеринин атынан коомдук муниципалдык транспортто акысыз жүрүүгө укугу бар адамдардын категориясына киргизүү жөнүндө көптөгөн кайрылуулар келип түшүүдө.
Шаардык каттоодо турган жана Бишкек шаарында жашаган аскер пенсионерлерине жана укук коргоо органдарынын пенсионерлерине муниципалдык коомдук транспортто жеңилдетилген же акысыз жүрүүнү камсыз кылуу максатында жумушчу топ тарабынан көрсөтүлгөн адамдарды жеңилдетилген жүргүнчүлөрдүн категориясына киргизүү максатында эсептөөлөрдү жүргүзүү жөнүндө маселе каралууда.
2. Сунушталган жөнгө салуунун максатын (мүмкүн болгон учурда тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү) жана маселени чечүү ыкмасын баяндоо:
Бишкек шаарынын муниципалдык коомдук жүргүнчүлөр транспортунда калктын жол кирени электрондук төлөө системасын пайдалануусун стимулдаштыруу максатында, ошондой эле эксплуатациялык чыгымдарды жана инфляциянын деңгээлин эске алуу менен накталай формада жол кире тарифин жогорулатуу.
Борбор калаанын тургундарын жана конокторун үзгүлтүксүз, сапаттуу ташууну камсыз кылуу жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу.
Ошондой эле транспорттук картанын түрлөрүн көбөйтүү, жеке экспресс каттамдар үчүн жаңы тарифтерди киргизүү, акысыз жол жүрүү укугун берүү.
3. Сунушталган жөнгө салуунун күтүлүүчү пайдасын жана артыкчылыктарын баалоо (мүмкүн болгон учурда тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү);
Муниципалдык автотранспорт ишканаларынын экономикалык абалын эксплуатациялык чыгымдарды жана инфляциянын деңгээлин эске алуу менен жакшыртуу.
Муниципалдык ишканаларга келип түшкөн акча каражаттарынын ачыктыгын камсыз кылуу жана жарандарга бир автобустан башкасына түшүүдө ыңгайлуулуктарды түзүү.
Жеке экспресс каттамдарын киргизүү жүргүнчүлөрдүн коомдук транспорт менен жүрүү убактысын үнөмдөө, жеке автомобилге коомдук транспортту артык көрүүнүн эсебинен автомобиль тыгындарынын деңгээлин төмөндөтүү.
4. Мүмкүн болуучу жагымсыз кесепеттерди баалоо (мүмкүн болгон учурда тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү):
Терс кесепеттерге алып келбейт.
5. Сунушталган жөнгө салуунун адресаттарынын-ишкердик субъекттеринин санына мүнөздөмө жана баа берүү:
Азыркы учурда Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташууну 2 транспорттук муниципалдык ишканалары жана ошондой эле жеке фирмалар ишке ашырат.
6. Сунушталган жөнгө салууну киргизүүгө байланышкан потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгымдарын жана пайдаларын болжолдуу баалоо:
Токтомдун долбоорун кабыл алуу менен ишкердик субъекттер кандайдыр бир кошумча чыгымдарды тартпайт.
7. Сунушталган жөнгө салууну киргизүүгө байланышкан республикалык/жергиликтүү бюджеттин чыгымдарын жана пайдаларын болжолдуу баалоо:
Бишкек шаардык кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу аскер пенсионерлерин коомдук муниципалдык транспортто акысыз жүрүү укугу бар адамдардын категориясына киргизүүгө байланыштуу жергиликтүү бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылат.
Маалымдоого төмөнкүлөр тиркелет:
1. Коомдук кеңештердин катышуучулары үчүн суроолордун тизмеги:
- аталган маселелер туура жана жөнгө салууну өзгөртүү жолу менен чечүүнү талап кылабы;
- аталган максат негиздүүбү, аткаруу үчүн маанилүүбү;
- проблеманы чечүү үчүн сунушталган ыкма (жөнгө салуу) кыйла артыкчылыктуу болуп саналабы;
- сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн;
- сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс кесепеттер пайда болушу мүмкүн;
- проблеманы чечүүнүн кыйла натыйжалуу альтернативдүү ыкмалары барбы;
- сунушталган жөнгө салууга карата жалпы пикир.
Маселелердин тизмеги кеңейтилиши мүмкүн.
2. Сунушталган жөнгө салууну киргизүү зарылдыгын баалоого мүмкүндүк берген башка маалымат:
__________________________________________________________________
(тексттик сыпаттоо үчүн орун)
Маалымдоо үчүн маалыматты талкуулоо үчүн байланыштар жана мөөнөттөрү:
1. Сунуштар кабыл алынат: | |
- электрондук почта аркылуу | e-mail: dt@meria.kg |
- почта дарегине | Бишкек ш., 7- Апрель көчөсү, 4а. Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспортук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти жана 53-26-70 телефон номери боюнча |
2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү | 2025-жылдын 17-январынан |
3. Иштеп чыгуучу органдын расмий сайтына сунуштардын жана жооптордун реестрин жайгаштыруунун мөөнөтү | 2025-жылдын 30-январыначейин |