Борбор калаанын мэриясында мэрдин орун басарларынын жана шаардык кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда мэр Айбек Джунушалиевдин пландык кеңешмеси өттү.
Шаардык кызматтар тарабынан «Менин шаарым» тиркемесиндеги кайрылуулардын аткарылышын текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу уюштуруу-көзөмөл иштери бөлүмүнүн башчысы Кубандык Акматбеков билдирди.
2024-жылдын январь-ноябрь айларында Бишкек шаарынын мэриясынын Call-борборуна («Менин шаарым» тиркемесин кошкондо) колдонуучулардан 13 653 кайрылуу келип түшкөн, анын 12 054ү аткарылган, 1 598и аткарылган эмес.
Мэр «Менин шаарым» тиркемесинин атын «Мэрге кайрылуу» деп өзгөртүүнү тапшырды.
«Уюмга түшкөн ар бир өтүнүчтү менин буйругум катары карайсыңар. Бир дагы кайрылуу жоопсуз калбашы керек», - деп кошумчалады мэр.
Түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бардык кайрылууларды ыкчам жана сапаттуу кароо тапшырылды.
"Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасына көрсөтүлгөн арыздагы суроо-талаптардын аткарылышы боюнча жума сайын отчет жөнөтүп туруу милдеттендирилди.