2024-жылдын 11-октябрынан 13-октябрына чейин Ларнака шаарында (Кипр) самбо боюнча өспүрүмдөр жана жаштар арасында дүйнө чемпионаты болуп өттү, анда Олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин (СДЮШОР) күжүрмөн спорттун түрлөрү боюнча окуучулары жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтүштү.

Жолдошказиев Эмирхан спорттук самбо боюнча жаштар арасында +98 кг салмакта алтын медалга ээ болуп, Кыргызстандын тарыхында спорттун бул түрү боюнча жаштар арасында биринчи дүйнө чемпиону болду. Бул жетишкендик Кыргыз Республикасында самбонун дүйнөлүк аренада өнүгүшүнө олуттуу кадам болуп калды.

Спорттук самбо боюнча жаштар арасында 88 килограммга чейинки салмак ченинде Артур Сансызбеков экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль тагынды.
Алиев Ахмед күжүрмөн самбо боюнча жаштар арасында 58 килограммга чейинки салмак ченинде жогорку техниканы жана күжүрмөн духун көрсөтүп, коло медаль тагынды.

Өспүрүмдөр арасында өзгөчөлөнгөндөр:
64 кг салмакта коло медалдын ээси болгон Темирбеков Азамат;
Спорттук самбо боюнча +98 кг салмакта коло медаль тагынган Илья Сухинин.

Бул жеңиштер Кыргызстандын атын эл аралык аренада даңазалап келе жаткан спортчуларыбыздын чеберчилигинин жана өжөрлүгүнүн үлгүсү. Биз алардын ийгиликтери менен сыймыктанабыз жана чемпиондорду даярдаганы үчүн машыктыруучулар курамына ыраазычылык билдиребиз.