Балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу, жайкы мезгилде балдардын ден соолугун чыңдоо, кылмыштуулукту алдын алуу жана жашы жете элек өспүрүмдөрдүн кароосуздугун азайтуу максатында борбордо мектеп лагерлери иш алып барууда.


Ошентип, борбордогу мектеп лагерлеринде түрдүү деңгээлдеги спорттук мелдештер өткөрүлүүдө.


Биринчи май районунун №27 мектебинин базасында аркан тартыш, кичи футбол жана жеңил атлетика боюнча мелдештер өттү.

Аркан тартыш боюнча мелдештин жыйынтыгы боюнча 1-орунду 27 мектебинин командасы, 2-орунду №99 мектебинин командасы, 3-орунду №49 мектебинин командасы ээледи.

Кичи футбол боюнча 1 – орунду №99 мектебинин, 2–орунду №86 мектебинин, 3-орунду №49-мектептин командасы ээледи.

Жеңил атлетика боюнча 1–орунду № 99 мектебинин командасы,                        2-орунду №49 мектебинин командасы, 3-орунду №101 мектебинин командасы багындырды.

Мындан тышкары, №101 мектебинин базасында эстафета жана дартс боюнча мелдештер өткөрүлдү.

Дартстын жыйынтыгы боюнча 1-орунду №99 мектеби, 2-орунду №86 мектеби, ошондой эле ардактуу 3-орунду №49 мектеби ээледи.

Эстафетадагы таймаш боюнча 1-орунду №49 мектеби, 2-орунду № 101 мектеби, ошондой эле 3-орунду №86 мектеп  ээлеген.

Бардык жеңүүчүлөр жана байге ээлери тиешелүү даражадагы медалдар жана дипломдор менен сыйланышты.

Иш-чаранын максаты – дене тарбия жана спорттун бардык түрлөрүн колдонуу менен лагерлерде балдардын бош убактысын ар тараптуу өткөрүү, активдүүлүктү арттыруу жана аларды системалуу дене тарбиясына жайылтуу.

Эске салсак, Биринчи май районунун аймагында №27, 49, 69, 86, 99, 101 мектептеринде  1000 баланын камтуусу  менен лагерлер уюштурулган.