Бүгүн, 23-майда  Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачеванын төрагалыгы алдында   медицина борборунда Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы саламаттык сактоо тутумун башкаруу боюнча Координациялык комиссиянын жана социалдык маанилүү жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулар боюнча шаардык көп сектордуу координациялык комитеттин отуруму болуп өттү.

Бишкек шаарынын аймагында 2024-жылдын 4-айдын жыйынтыгы боюнча вакцина менен башкарылуучу инфекциялар менен ооругандардын эпидемиологиялык абалы жана иммунопрофилактика боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар, ошондой эле борбордогу эпидемиологиялык абал, күрөшүү чаралары жана жүргүзүлүп жаткан профилактикалык иш-чаралар жөнүндө маселелер каралып, талкууланды.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине жугуштуу оорулардын, анын ичинде кызамык жана күйдүргүнү алдын алуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди.

Бишкек шаардык ветеринардык башкармалыгына айыл чарба жаныбарлары арасында эпизоотияга каршы жана профилактикалык иш-чаралардын жүргүзүлүшүн көзөмөлдөөнү күчөтүү тапшырылды.