Октябрь акимчилигинде балдар иштери боюнча комиссиянын жыйыны болуп өттү.

Билим берүү башкармалыгынын, Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, №6 ҮМБнын, SOS «Балдар айылы», иш менен камсыз кылуу борборунун өкүлдөрү, Жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору, ошондой эле балдарга жардам көрсөтүү борборунун психологдору жана “Шанс” кризистик борборунун өкүлдөрү катышты.

Күн тартибинде Кыргызстандан репатриацияланган жашы жете элек балдар, Орусиядан кайтып келип Балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборуна жайгаштырылган балдар боюнча материалдар каралды.

Жыйындын жыйынтыгында үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн адистери тарабынан төрт бала каттоого алынып, аларга жекече балдарды коргоо пландары бекитилди.

Ошондой эле ар тараптуу социалдык колдоонун аркасында турмуштук оор кырдаалга кабылган алты үй-бүлөнү каттоодон чыгаруу чечими кабыл алынды.

Балдар иштери боюнча комиссиянын төрагасы Чынара Жаныкеева социалдык кооптуу абалдагы балдары бар үй-бүлөлөрдү активдүү аныктоо боюнча биргелешкен иш-чаралардын, ошондой эле балдарга карата кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш-аракеттердин жетишсиздигин баса белгиледи.

Урматтуу Октябрь районунун тургундары! Эгерде сиз үй-бүлөдө балдарга карата зордук-зомбулукка күбө болсоңуз же турмуштук оор кырдаалда турган балдары бар үй-бүлөнү тапсаңыз, анда социалдык коргоо органдарына төмөнкү телефондор аркылуу кайрылыңыз: 0312 51 03 75, Балдарга жардам берүү борбору: 0312 54 29 34, 0312 44 25 10, ишеним телефону: 111, 112, 115.