Ленин районунун акимиатында административдик-аймактык реформанын алкагында райондогу жерлерге мунапыс жарыялоо боюнча комиссиянын биринчи отуруму өттү.

Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев, Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай курулушу жана шаар куруу департаментинин директору Койчугул Ибраимов,  «Бишкек башкы архитектура» ишканасынын,  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин  Бишкек филиалынын өкүлдөрү  катышты.

Жыйындын жүрүшүндө ААРнын алкагында Бишкек шаарына кошулган  (Орок, Новопавловка) аймактарда жайгашкан жер мунапыс объектилерине тиешелүү маселелер каралды.

Комиссия тарабынан «Орок» МАБга тиешелүү 44 арыз, «Новопавловка» МАБга – 751 арыз каралды.

Бүгүнкү күндө Сокулук району боюнча 11 миңден ашык арыз жана 1400дөн ашык ПЗУ (жер участогуна жерге жайгаштыруу схемасы жана долбоору) кабыл алынган.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370  “ Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай курулушу жана шаар куруу департаменти тарабынан Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Сокулук районунун, Орок жана Новопавловка айыл өкмөттөрүнүн менчик ээлеринин тизмелерин, ӨТКларды, өткөрүп берүү актыларын кабыл алуу иштери улантылууда.