Борбор калаада Бишкек шаарынын классикалык аралыкка чуркоо менен спорттук багыт алуу боюнча жыл сайын өтүүчү чемпионат жана биринчилик   өттү.
Чемпионат Орто-Сай адырларынын аймагында мисте багынын аймагында өттү.
Мелдешке 10 жаштан тартып, 2-өспүрүмдүк жана андан жогорку разряддагы спортчулар катышты.
Ошондой эле спорттун ышкыбоздору жана үйрөнчүктөр үчүн да аралыктар каралган.
Катышуучулар 3,5 чакырымга чейинки аралыктагы (өспүрүмдөр топторунда)  түз эмес аймакты чуркап өтүп жана 13 контролдук пунктту табуу керек эле. Чоңдор тобунун аралыгы 5.5 км чейин жеткен.
Жыйынтыгында өздөрүнүн жаш курагы жана спорт категориялары боюнча төмөнкүлөр байгелүү орундарга ээ болушту:
- 12 жашка чейинки кыздар арасында:
Асел Акжолова – 1-орун;
Фарида Тажибаева-2 орун;
Жумаида Төрөбаев – 3-орун.

- 12 жашка чейинки балдар арасында:
Али Эстебесов – 1-орун;
Тиметей Моськин – 2 орун;
Умар Аттокуров-3-орун.

- 14 жашка чейинки кыздар арасында:
Айжан Махкамова – 1-орун;
Азиз Доктурбекова-2 орун;
Айбийке Салиева-3-орун.

- 14 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында:
Нурболот Ырысбеков – 1-орун;
Нурбек Мамадаминов – 2 орун;
Беккелди Ысаков-3 орун.

- 16 жашка чейинки кыздар арасында:
Альбина Жекшенбекова – 1-орун;
Акинай Искитова-2 орун;
Акнар Айдарбекова-3-орун.

- 16 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында:
Тимурлан Ренатов – 1-орун;
Азамат Хайрулаев – 2-орун;
Александр Татулян - 3-орун.

- 18 жашка чейинки жаштар арасында:
Баястан Өмүрзаков – 1-орун;
Айман Ырыспеков-2 орун;
Эрмек Шадманов – 3-орун.
- 19 жаштан жогору аялдар арасында:
Самара Кенжекулова-1-орун;
Светлана Палий-2 орун.
- 19 жаштан жогорку эркектер арасында:
Көлбай Орозбеков-1 орун;
Байжигит Шерматов-2 орун;
Илим Мейманбеков-3-орун.

- үйрөнчүктөр арасында:
Ханна Мурдинова жана Мариям Камчибекова – 1-орун;
Асия Жумабекова жана Саида Тынчтыкбекова – 2-орун;
Тунук Акималиева-3-орун.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти менен Кыргыз Республикасынын спорттук багыттоо Федерациясы тарабынан уюштурду.

Жыл сайын спортко багыттоо боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты күчтүү жана келечектүү спортчуларды аныктоого, багыт берүүчүлөрдүн спорттук чеберчилигин жогорулатууга,  дени сак   муунду тарбиялоого багытталат.