Бишкек шаарынын мэринин орун басары  Рамиз Алиев Жибек-Жолу проспектисинде  Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүктө санитардык абалын жакшыртуу жана көрктөндүрүү боюнча көчмө жыйын өткөрдү.Ага борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын адистери, Биринчи май акимиатынын, шаардык чарба департаментинин, муниципалдык инспекциянын, жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын жана «Тазалык», «Бишкекжашылкурулуш», «Бишкекжарык», "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканаларынын жетекчилери жана орун басарлары катышты.

Жыйындын жыйынтыгында “Тазалык” ишканасына  таштанды челектерин жаңыртып, жөө жүргүнчүлөргө тоскоолдук жаратпастан   тротуарга орнотуу, аялдамаларды тазалоо жана сырдоо, электр щиттерин сырдоо боюнча тапшырмалар берилди.

Жашыл аянттарды санитардык бутоо, авариялык абалдагы жана куурап калган бак-дарактарды бутоо, дүмүрлөрдү кыюу “Бишкекжашылкурулуш” ишканасына тапшырылды.

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасына  Жибек-Жолу проспектисинин боюндагы капиталдык оңдоодон кийин кемчиликтерди жоюу жана орнотулган лотокторду оңдоо тапшырмасы берилди. Жибек-Жолу проспектисин бойлой Тоголок Молдо көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин түштүк тарабында лотокторду сугат иштерине жарактуу кылуу үчүн деңгээлин көтөрүү иштери жүргүзүүү,  Исанов көчөсүндөгү жолду капиталдык оңдоонун алкагында Жибек-Жолу проспектисинен өтмөккө чейин лотокторду орнотуу тапшырылды.

Ошондой эле, “Бишкекасфальтсервис” МИсине  “Бишкекбашкыархитектура” МИси  менен биргеликте Жибек-Жолу проспектисинин боюндагы тротуардагы веложолду белгилөө, Жибек-Жолу проспектисинин Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейинки жол сызыктарын жаңылоо маселесин карап чыгуу милдеттендирилди.

Жибек-Жолу проспектисинин боюндагы кудуктарды тротуардын деңгээлине чейин көтөрүү боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүү, ошондой эле бетон плиталарды жана жол тосмолорун оңдоо иштери жүргүзүү тапшыррмасы берилди.

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясына чарба жүргүзүүчү субъекттер жана менчигинин түрүнө карабастан башка объектилер тарабынан көрктөндүрүү эрежелеринин талаптарын аткарууну камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүү, ал эми  жерди пайдаланууну контролдоо  башкармалыгына Жибек-Жолу проспектисинин Манас проспектисинен Тоголок Молдо көчөсүнө чейин мыйзамсыз орнотулган темир-бетон конструкцияларын жана тосмолорду алуу тапшырылды.

Мындан тышкары, Бишкек троллейбус башкармалыгы  «Бишкекжарык» МИси менен биргеликте мамыларды сырдоо иштерин жүргүзөт.