Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Ак-Өргө жаңы конушундагы спорт залдын капиталдык оңдоо иштери 95% аяктады. Залдын аянты 216 чарчы метрди түзөт.

Бүгүнкү күндө имараттын чатырын орнотуу жана шыптарды жылуулоо, ички дубалдарын оңдоо, от казан, ванна жана душ орнотуу, канализацияны тартуу, имараттын фасадын бүтүрүү иштери аяктады.

Мындан тышкары жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү.

Подрядчы «Орбитал Строй» ЖЧКсы болду.

Эске сала кетсек, бул имарат мурда кароосуз калган откана болгон. Калктуу конуштардын инфраструктурасын өнүктүрүү жана жаштарды спортко тартуу максатында спорт залды капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү.