Атайын техникалардын айдоочулары Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелеринин 8.20-пунктунун  талаптарын так аткарбай жатышат.
Бетон аралаштыргычтын артында курулуш материалдарынын издери калган видео шаар тургундары тарабынан тартылып калган.
Атайын техниканын айдоочусу муниципалдык инспекциянын инспекторлору тарабынан табылып, КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык айып салынган. Жеке жак А.Д.Х. 114 жана 115-беренелеринин 2-бөлүгү боюнча жоопкерчиликке тартылып, айыптын жалпы суммасы 10 500 сомду түздү.

«Алим Сервис» ЖЧКсына да айып салынган. Муниципалдык  инспекциянын инспекторлору өзүлөрү көрктөндүрүү эрежелеринин бузулушуна күбө болушкан. Курулуш аянтчасынан оор техника дөңгөлөктөрү кир чыккан.

Текшерүүнүн жүрүшүндө «Алим Сервис» ЖЧКсынын дөңгөлөк жуугуч жайы бар экендиги, бирок аны өз максатына ылайык пайдаланбаганы аныкталган. КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 177-беренесинин 2-бөлүгүн бузгандыгы үчүн ишканага 23 000 сом айып салынды.

Протокол түзүлгөндөн кийин куруучулар жолдун булганган бөлүгүн тазалашты.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 12-апрелиндеги №100-Т буйругунун негизинде бардык курулуш объектилерине атайын техниканын дөңгөлөктөрүн жуучу жабдуулар, дөңгөлөктөрдү жууган эстакадалар орнотулушу, ал эми кире бериш жерине шагыл  төшөлүшү керек.