2024-жылдын 20-февралынан 4-мартына чейин Бишкек шаарынын «Мектеп лигасынын» финалдык этабынын программасынын алкагында №62 ОТК МГ спорт базасында жана "Диалог" шаардык маданият үйүндө балдар жана кыздар арасында шахмат жана волейбол боюнча мелдештер болуп өттү.
Сынакка Бишкек шаарынын 16 орто мектептеби жана гимназиясы катышты.
Мектеп лигасынын спорттук программасынын негизги максаты Бишкек шаарында балдар жана өспүрүмдөр спортун мындан ары өнүктүрүү болуп саналат. Орто мектептердин окуучуларын системалуу түрдө дене тарбия жана спортко тартуу. Адистештирилген спорттук мектептерде андан ары даярдоо үчүн келечектүү спортчуларды аныктоо жана орто мектептер менен гимназиялардын достук байланыштарын чыңдоо.
Белгилей кетсек, «Мектеп лигасы» шаардык программасынын алкагында жыл сайын спорттун 11 түрү боюнча мелдештердин облустук жана шаардык баскычтары өткөрүлөт.
Шахмат боюнча мелдештин жыйынтыгы боюнча кыздар арасында жеңүүчүлөр жана байге ээлери:
1-орун – №70 МГ;
2-орун – №61 МГ;
3-орун – №6 МГ;
балдар арасында:
1-орун – №6 МГ;
2-орун – №70 МГ;
3-орун – №62 ОТК МГ.
Кыздар арасындагы волейбол боюнча мелдеште:
1-орун – №62 ОТК МГ;
2-орун – №72 орто мектеп;
3-орун – №1 МГ.
балдар арасында:
1-орун – №62 ОТК МГ;
2-орун – №72 орто мектеп;
3-орун – №42 орто мектеп.
Бишкек шаарынын «Мектеп лигасынын» шаардык финалынын бардык жеңүүчүлөрү жана байге ээлери медалдар, дипломдор, тиешелүү даражадагы кубоктор менен сыйланышты, ошондой эле баш байгеге – Ысык-Көлгө жолдомо алышты.