Муниципалдык ишканалардын жетекчи кызматтарына талапкерлерди тандоо процессин өркүндөтүү максатында Бишкек шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 15-декабрындагы №265 токтому менен муниципалдык кызматынын бош администрациялык кызмат ордун ээлөө жөнүндө жобо бекитилген.
Жогорудагы Жобого ылайык, муниципалдык ишканалардын жетекчилеринин (анын ичинде орун басарларын жана башкы инженерлеринин) кызмат ордуна эң компетенттүү талапкерлерди тандоо үчүн төмөнкүдөй талаптар белгиленет:
• муниципалдык ишкананын ишинин багыттарына ылайык келген чөйрөлөрдө үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар тиешелүү тармактагы жогорку билими же каалаган профилдеги жогорку билими;
• башкаруу тажрыйбасы үч жылдан кем эмес;
• өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
• муниципалдык ишкананын уюштуруу документтеринде белгиленген кошумча талаптар.
Мындан тышкары, мэриянын алдындагы муниципалдык ишкананын жетекчиси кызмат ордуна талапкерлер муниципалдык ишкананы өнүктүрүү программасын (планын) жана аны ишке ашыруунун жолдорун аңгемелешүү учурунда көрсөтүүгө милдеттүү.
Талапкерлерди тандоо төмөнкү этаптардан турат:
• талапкерлердин документтеринин кызматка коюлган талаптарга шайкештигин кароо;
• талапкердин муниципалдык ишкананы өнүктүрүү программасын (планын) жана аны ишке ашыруунун жолдорун көрсөтүүсү;
• аңгемелешүү.