Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын натыйжалуу түзүмүн түзүү жана кайра уюштуруу максатында аппараттын ишине талдоо жүргүзүү боюнча тиешелүү жумушчу топ түзүлгөн.
Топтун ишинин жүрүшүндө аппараттын бөлүмдөрү жөнүндө жоболор иликтенип, каралып чыкты, кызматкерлердин милдеттерине функционалдык талдоо жана алардын аткарган милдеттери менен ыйгарым укуктарына мониторинг жүргүзүлдү.
Талдоо көрсөткөндөй, Бишкек шаарынын мэриясынын тармактык багыттагы борбордук аппаратынын түзүмү өзүн толук актабайт, анын натыйжасында аппараттын кызматкерлери көп учурда Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин алып барышат жана иштерин аткарышат, бул мэриянын негизги компетенцияларынын бири - борбордун жашоо-турмушун камсыз кылуу системасынын кынтыксыз иштешин жана өнүгүшүн уюштурууга убакыт калтырган жок. Натыйжада, кызматкерлерге жүктөлгөн милдеттер жана функциялар аягына чейин аткарылбай келет.
Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын ишине жүргүзүлгөн талдоонун натыйжалары боюнча жумушчу топ жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында азыркы иштеп жаткан структураны өзгөртүү жана тармактык принциптен функционалдык принципке өтүү зарыл деген пикирге келди.
Жаңы структура мэриянын бүткүл тутумунун ишин пландаштыруу, уюштуруу, мотивациялоо жана контролдоо процессинин негизги кыймылдаткычы катары административдик башкарууну өркүндөтүүгө багытталган. Башкарууну өркүндөтүү түзүлүп жаткан саясаттын сапатын жогорулатат, ал эми аппараттын кызматкерлерин мүнөздүү эмес милдеттерди жана функцияларды аткаруудан бошотуу мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишине контролду күчөтүүгө жана жүктөлгөн милдеттерге, функцияларга, ыйгарым укуктарга жана тийиштүү көлөмдө алардын иштерди аткаруусуна мүмкүндүк берет.
Ушуга байланыштуу, Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын жаңы түзүмү бекитилди, ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- чечимдерди даярдоо боюнча башкармалык,
- уюштуруу-контролдоо иштери башкармалыгы,
- шаарды өнүктүрүү саясаты башкармалыгы.
- эл аралык кызматташтык жана протокол, коррупцияга каршы аракеттенүү жана укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү, ички аудит, маалыматтык жана документтик камсыздоо бөлүмдөрү.
Чечимдерди даярдоо боюнча башкармалыгынын курамында экспертиза жана чечимдерди даярдоо бөлүмү, муниципалдык башкаруу жана адам ресурстары бөлүмү, укуктук иштер бөлүмү түзүлгөн. Башкармалыктын негизги милдеттери болуп мэриянын ченемдик укуктук актыларынын, токтомдорунун жана буйруктарынын долбоорлорун даярдоону камсыз кылуу, алардын шаардык чарбаны өнүктүрүүнүн бардык чөйрөлөрүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелери боюнча негизги стратегиялык жана башка программалык документтерге шайкештигин камсыз кылуу, мэрдин ыйгарым укуктарын ишке ашырууну укуктук жана кадрдык камсыз кылуу саналат.
Уюштуруу-контролдоо иштери башкармалыгынын курамында уюштуруу иштери бөлүмү, чечимдердин аткарылышын контролдоо бөлүмү түзүлгөн, анын түзүмүндө жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча сектор жана документтик контролдоо сектору бекитилген. Башкармалыктын негизги милдеттери болуп мэриянын  аппаратынын, мэриянын бөлүмдөрүнүн жана алардын кызмат адамдарынын аткаруучулук тартипти сактоо деңгээлин контролдоо жана баалоо маселелери боюнча ишин камсыз кылуу, шаардын райондорундагы иштердин жалпы абалына мониторинг жана талдоо жүргүзүү, Бишкек шаарынын мэриясынын администрациялык райондор боюнча муниципалдык администрацияларынын аппараттарынын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын маселелери боюнча иштерин координациялоо жана мониторинг жүргүзүү, жарандардын кайрылууларын тийиштүү түрдө кароону камсыз кылуу саналат.
Шаарды  өнүктүрүү саясат башкармалыгынын курамында стратегиялык өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу бөлүмү, тармактык өнүктүрүү бөлүмү, социалдык чөйрөнү жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү түзүлгөн. Башкармалыктын негизги милдеттери болуп Бишкек шаарын стратегиялык өнүктүрүү саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелери боюнча мэриянын ишин маалыматтык-аналитикалык жана уюштуруучулук камсыздоо, шаарды инновациялык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу жана ишке ашырууну камсыз кылуу, Бишкек шаарынын экономикасына инвестицияларды жана гранттарды тартуу саналат.