Ушуну менен Бишкек шаарынын мэриясы укуктук жөнгө салууну талкуулоонун башталгандыгы жана кызыкдар жактардан сунуштарды чогултуу жөнүндө кабарлайт.

1. Чечилишине сунушталган жөнгө салуу багытталган проблемалардын сыпаттамасы (мүмкүн болгон учурда тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү):

Kз зоналык коэффициентинин жаңы маанилерин бекитүү Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 388-беренесинин 2-пунктун жана 404-беренесинин 4-пунктун ишке ашырууга багытталган, ага ылайык Kз зоналык коэффициентинин маанилери жергиликтүү кеңештер тарабынан экономикалык- пландаштыруу зоналарынын өзгөчөлүктөрүнө жараша 0,3төн 2,0ге чейинки өлчөмдө белгиленет.    2013-жылдан бери өзгөрбөгөн зоналык коэффициенттин маанисин инфляциянын деңгээлин, чет элдик валюталардын курсун жана кыймылсыз мүлктүн, анын ичинде жер тилекелеринин рыноктук баасын эске алуу менен кайра карап чыгуу өтө зарыл, анткени муниципалитеттин социалдык маанилүү жана орчундуу маселелерди каржылоо боюнча чыгымдары жыл сайын көбөйүүдө, бул өз кезегинде, Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетине салык төлөмдөрүнүн көбөйүүсүн талап кылат.

2. Сунушталган жөнгө салуунун максатын (мүмкүн болгон учурда тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү) жана проблеманы чечүүнүн ыкмасын сыпаттоо:

Мамлекеттик жөнгө салуунун варианттарынын бири катары 2014-жылдан 2022-жылга чейин топтолгон инфляциянын денгээлин жана Бишкек шаарынын экономикалык-пландаштыруу зоналарынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен зоналык коэффициенттин жаңы маанилерин бекитүү сунушталууда. 

3. Сунушталган жөнгө салуунун күтүлүүчү пайдасын жана артыкчылыктарын баалоо (мүмкүн болгон учурда тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү):

Кз зоналык коэффициентинин жаңы маанилерин камтыган сунушталып жаткан токтомдун долбоорун бекитүү менен Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө салыктардын түшүүсүнүн көбөйүүсү күтүлүүдө.

4. Мүмкүн болуучу жагымсыз кесепеттерди баалоо (мүмкүн болгон учурда тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү):

Белгиленген токтом долбоорун кабыл алуу жагымсыз социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик же коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

5. Сунушталган жөнгө салуунун ишкердик субъекттерин - адресаттарын мүнөздөө жана санын баалоо:

Бул токтом долбоорунун чөйрөсүнө чарбалык ишти жүзөгө ашыруучу жана салык салынуучу жер участокторуна жана/же кыймылсыз мүлккө ээлик кылуучу же пайдалануучу юридикалык жана жеке жактар кирет.

6. Сунушталган жөнгө салууну киргизүүгө байланышкан потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгымдарын жана пайдаларын болжолдуу баалоо:

Cунушталып жаткан ченемдик укуктук актынын долбооруна жана зоналык коэффициенттин жаңы маанилерин бекитүүгө байланыштуу, алдын ала маалыматтар боюнча мүлк салыгынын суммасы салыктын түрүнө жана объектисине жараша чарчы метрге 14-56 сомго көбөйүшү мүмкүн. 

7. Сунушталган жөнгө салууну киргизүүгө байланышкан республикалык/жергиликтүү бюджеттин чыгымдарын жана пайдаларын болжолдуу баалоо:

Алдын ала маалыматтар боюнча, сунушталып жаткан ченемдик укуктук актынын долбоорун бекитүү менен жергиликтүү бюджетке 584,6 млн сом кошумча жылдык киреше түшүүсү күтүлүүдө, бул токтомдун долбоорун кабыл алуу жергиликтүү жана республикалык бюджеттерден кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт.


Кабарлоого төмөнкүлөр тиркелет:

1. Коомдук консультациянын катышуучулары үчүн суроолордун тизмеги:

- аталган проблемалар туура жана жөнгө салууну өзгөртүү жолу менен чечүүнү талап кылабы;

- аталган максат негиздүүбү, аткаруу үчүн маанилүүбү;

- проблеманы чечүү үчүн сунушталган ыкма (жөнгө салуу) кыйла артыкчылыктуу болуп саналабы;

- сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн;

- сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс кесепеттер пайда болушу мүмкүн;

- проблеманы чечүүнүн кыйла натыйжалуу альтернативдүү ыкмалары барбы;

- сунушталган жөнгө салууга карата жалпы пикир.

Маселелердин тизмеги кеңейтилиши мүмкүн.

2. Сунушталуучу жөнгө салууну киргизүү зарылдыгын баалоого мүмкүндүк берген башка маалымат:

______________________________________________________________

(тексттик сыпаттоо үчүн орун)


Кабарлоо маалыматын талкуулоо үчүн байланыштар жана мөөнөттөрү:

1. Сунуштар төмөнкүлөр аркылуу кабыл алынат:


- электрондук почта аркылуу

e-mail: bishecon@gmail.com

- почта дареги 

720040, Бишкек ш., 328 Жибек Жолу  пр.

Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттиги, телефон: 66-08-94

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү

5-ноябрь, 2023-жыл

3. Сунуштардын жана жооптордун реестрин иштеп чыккан органдын расмий сайтына жайгаштыруу мөөнөтү

8-ноябрь, 2023-жыл