Биринчи май районунун акими  Максатбек Сазыкулов кайгуул-күзөт кызматынын инспекторлорун жана МАБдын өкүлдөрүн сыйлады.

Авто кошуун отрядына жигердүү көмөк көрсөткөндүгү, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылгандыгы жана коомдук транспорттун аялдамаларында токтоо эрежелерин сактагандыгы үчүн акимчиликтин Ардак грамоталары менен төмөндөгүлөр сыйланышты:

- Талайбеков Мирлан Талайбекович - Бишкек шаардык милициясынын Патрулдук кызмат башкармалыгынын инспектору, милициянын кенже лейтенанты;

- Алтаев Бактияр Асылбекович - милициянын патрулдук кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгынын 1-ротасынын командиринин орун басары, кенже лейтенанты.

- Калыбеков Темирбек Жыргалбекович - №14 МАБдын турак жай-коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү боюнча жетектөөчү адиси.

Муниципалдык администрация авто кошуундун ишине жигердүү катышканы үчүн чоң ыраазычылык билдирет жана шаардыктарга ыңгайлуу шарт түзгөндө кандай гана аракет болбосун зор ийгиликтерди каалайт.

Эске салсак, Биринчи май районунда “Эркин токтоо” деген ураан менен түшүндүрүү иштери башталды. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн  акимчиликтин жана МАБдын кызматкерлеринин ичинен «Авто кошуун» отряды жүргүзөт.

Эгерде айдоочу кызматкерлердин талабын этибарга албаса, анда унаа токтотуучу жайдын эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул төлөө үчүн МККБнын нөөмөт бөлүмүнө өткөрүлүп берилет.