Шаардык  муниципалитетте  мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоковдун алдында жана Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Бахадир Конуровдун катышуусунда № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча кезектеги штаб өткөрүлдү.

Райондун шайлоо участкаларын материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу, коомдук тартипти жана АБСтын (автоматташтырылган башкаруу системасы) коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланды.

Шайлоо участкаларынын даярдыгы боюнча Ленин районунун акими Мураталы Тагаев баяндама жасады.

Штабдын жыйынтыгы менен шаардык жана райондук кызматтарга УШКларды материалдык-техникалык жактан камсыздоо процессин аяктоо, ошондой эле шайлоолорго кийлигишпөө боюнча кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштерин улантуу тапшырылды.

Урматтуу шаар тургундары! Белгилей кетсек, № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин   депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майында өтөт.

Ушуга байланыштуу бардык шайлоочуларды шайлоочулардын тизмесинде тактоосун суранабыз, ошондой эле жеке маалыматтарды жана УШК жайгашкан жерди тактоо үчүн 119-маалымат кызматына ПИН-кодуңузду жөнөтсөңүз болот.