Бишкектиктердин социалдык тармактар аркылуу кайрылуусунун алкагында Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов текшерүү жүргүздү.

Учурдагы курулмалар стандартка жооп бербегендиктен, пандустарды орнотуу үчүн жеринде кыдыруу борбордук «Ала-Тоо» аянтынан башталды.

Андан соң Т.Молдо атындагы сейил багындагы кароосуз калган коомдук даараткананы карап, бул объектинин документациясын текшерүү чечими кабыл алынды.

Л.Толстой жана Манас проспектилеринин кесилишиндеги өтмөктү (жер астынан) реконструкциялоо талкууланып, бул маселе боюнча «Бишкекасфальтсервис» МИ аткарылуучу иштердин көлөмүн тыкыр иликтеп чыгат.

Соңунда интеллектуалдык оюндар үчүн маданий аянтча үчүн “Шоро” ишканасынын шахмат аллеясын куруу боюнча жумушчу тобу менен жолугушуу болду. Эркиндик бульвары менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан балдар аянтчасынын ордуна жаңы долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Ал эми балдар аянтчасы Эркиндик бульвары менен Чокморов көчөсүнүн кесилишиндеги коопсуз жайга көчүрүлөт.

Белгилей кетсек, шаардыктар балдар ойноочу аянтчасын коопсуз кылуу өтүнүчү менен бир нече жолу кайрылышкан, анткени ал авто унаа  жолуна жакын жайгашкандыктан, балдар жолго чыгып кеткен учурлар болгон.