Борбор калаада мектептер менен жогорку окуу жайлардын ортосундагы биринчи экологиялык кубоктун жыйынтыгы чыгарылды.

Алгач 15 команда катышууга билдирүү берген. Жыйынтыгында 10 команда калды: 7 мектеп, 2 ЖОЖ жана бир колледж.

Ар бир команда тарабынан маанилүү актуалдуу экологиялык темаларга долбоорлор иштелип чыгып, экобатл акциясы өткөрүлдү. Ар бир команда 700 чарчы метр аянтты тазалады.

Жыйынтыгы боюнча баалоо баракчасы түзүлдү.

ЭКО Кубок-2023 негизги багыты:
- ыңгайлуу экологиялык чөйрө;
- шаардын экологиясын жакшыртуу үчүн чечүү жолдорун аныктоо.

Максаты: мектеп окуучуларын, студенттерди, магистранттарды, аспиранттарды жана жаш илимпоздорду, коомдук ишмерлерди актуалдуу экологиялык көйгөйлөрдү чечүү менен байланышкан изилдөө иштерине активдүү тартуу. Ошондой эле экология жана жаратылышты пайдалануу жаатында кесиптик компетенцияларды бекемдөө, экологиялык-экономикалык маселелерди чечүү, жаштарды ЖОЖдор аралык интеграциялоо жана позитивдүү эмоцияларды алуу, пайдалуу таанышууларга ээ болуу, урбанизацияланган аймактардын экологиялык проблемаларын чечүүгө Кыргызстандын жарандарынын көңүлүн топтоо жана буруу, волонтердук кыймылды жана кайрымдуулукту өнүктүрүүдө орто жана жогорку окуу жайлардын, экологиялык багытталган уюмдардын демилгелерин колдоо.

Кубоктун программасында долбоорлорго сынак, интеллектуалдык оюн, "Экобатл" экологиялык акциясы жана "Көк-Арча" видеороликтерине сынак өткөрүлдү.

Экокубок мектеп окуучулары, студенттер, магистранттар, аспиранттар, эксперттер, бизнестин өкүлдөрү, муниципалдык бийлик органдары жана коомдук уюмдар менен айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык мыйзамдарды өзгөртүү, экологиялык талаптарды аткаруунун экономикалык аспектилери, ошондой эле актуалдуу экологиялык көйгөйлөрдүн концептуалдык чечимдерин изилдөө жана иштеп чыгуу боюнча баарлашуу үчүн аянтча болуп саналат.

Экокубоктун жыйынтыгы боюнча дипломдор, грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Байгелүү орундарды төмөнкү командалар ээледи:
- 3-орун - №25 жалпы билим берүүчү орто мектебинин "evolve" командасы;
- 2-орун- №68 А. Осмонов атындагы мектеп-гимназиясынын - «Ecadvice» командасы;
- 1-орун - №62 Жалпы билим берүү мектебинин «Экипаж Зеленой Земли» командасы.

№84 жалпы билим берүүчү орто мектебинин "Бучур" командасы мыкты видеоролик үчүн гран-приге ээ болду.