Октябрь акимчилигинде борбор калаанын  мэринин орун басары Нурдан Орунтаевдин жана райондун башчысы Жаныбек Орозалиевдин төрагалыгы алдында кезектеги коллегия өттү.

Анда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Эрмырза Давыдов, Елизавета Алымбаева, Гүлназ Халилова, шаардык жана райондук кызматтардын, МАБдардын жетекчилери катышты.

Күн тартибине ылайык, 2022-2023-жылдардын жылытуу мезгилинин жыйынтыгы жана кийинки сезонго даярдык планы каралды.

Жетекчинин орун басары Айбек Алыймановдун айтымында, райондун калктуу конуштарын газдаштыруу боюнча жигердүү иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле «Дос-Кредобанк» ААКнын өкүлдөрү аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жеңилдетилген насыя берүү боюнча  баяндама жасашты.

Белгилей кетсек, «Алтын-Ордо» конушунда  1066 турак-жай курулушу болсо, анын 464ү газга кошулган, «Рухи-Мурас» конушунда 1000 үйдүн  285и газга кошулган, Төкөлдөш конушунун 1055 үйүнүн ичинен 330у газга кошулган.

«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы тарабынан 2023-жылы жогорку Көк-Жардын  20-кварталдагы 204 жеке үйгө газ бөлүштүрүүчү тармактарды куруу пландалууда.

Жыйындын жүрүшүндө райондук кызматтарга күн тартибинде каралган иштерди активдештирүү тапшырмасы берилип, ошол эле учурда тапшырмалардын пункттары көрсөтүлгөн коллегия протоколу түзүлдү.