Борбор калаада мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин, Мунципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин директору Рыскулбек уулу Таланттын жана шаардык кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусунда Ош базарынын аймагындагы (“ Кыял” соода үйүнүн жанында) муниципалдык базардын мурдагы ижарачысынын администрациясынын имараты бошотулду.
Эми аныкталган аймак мэриянын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментине караштуу "Муниципалдык токтотмолор, унаа туруктары жана базарлар" муниципалдык ишканасы тарабынан андан ары башкаруу үчүн муниципалдык менчикке өтөт.
Келечекте учурдагы ижарачылар менен (мурунку субижарачылар) муниципалитет түздөн-түз ижара келишимин түзүшөт. Буга чейин алар субижарачылар болушкан жана "Элдик чеберлер союзу” коомдук бирикмесине төлөшкөн.
Мындан тышкары, жыйынтыгында ижара акысынын тарифтерин төмөндөтүү маселеси каралып, башаламан сооданы жоюу боюнча иштер жүргүзүлөт.
Ленин администрациясынын маалыматы боюнча аталган базарда 650 соода оруну бар.