Ленин районунун тургуну Сарымсакова Фатима Усубалиевна 100 жашка толду.

Ленин районунун акими Русланбек Тагаевдин атынан муниципалдык администрациянын аппарат жетекчиси Гүлмира Джитишикова Фатима Усубалиевнаны жүз жылдык мааракеси менен куттуктады.

Фатима Усубалиевна 1923-жылы Кемин районунун Кызыл-Суу айылында көп балалуу, колунда бар үй-бүлөдө туулган. 9-классында мыкты окуганы үчүн Москвага жолдомо ыйгарылган. Фатима Усубалиевна 1966-жылы «Манас» кинотеатрында иштей баштаган. Сегизинчи чакырылыштагы Кыргыз ССР Жогорку сотунун элдин отурумунан шайланган. Фатима Усубалиевнанын эмгегин мамлекет жогору баалап, «СССРдин кинематографиясынын отличниги», республиканын Мамлекеттик кинокомитетинин сыйлыктары жана грамоталары менен сыйланган. 2020-жылы Россия Федерациясынын Президенти В.Путин тарабынан «Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл» медалы менен сыйланган.