Свердлов районунун адистери, райондук салык кызматынын, райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жана МАБдар менен биргеликте райондун ири базарларында жана борбордук көчөлөрүндө баш аламан сооданы жоюу боюнча рейдтерди жүргүзүүдө:

- Ак -Эмир (Москва, Шопоков, Бөкөнбаев, Үсөнбаев көчөлөрү);
- "Аламүдүн" (Курманжан Датка көч., Жибек Жолу пр.);
- «Чынар» (Салиев көч., Ауэзов, «Аламүдүн-1» кичи району);
- «Улар» (Чүй пр., «Чыгыш-5» кичирайону);
- ЦУМ (Чүй пр., Абдрахманов көч., Шопоков көч.).

Жыйынтыгында 2 сатуратор (суу газдоочу аппарат), 27 башаламан соода точкалары жана 89 мыйзамсыз көрнөк жарнактар алынды.

Мындан тышкары "Укук бузуулар" Кодексинин 179 жана 434-беренелери менен 150 000 сомго 50 протокол түзүлдү.