Мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин төрагалыгы алдында Дэн Сяопин проспектиси менен П.Лумумба көчөсүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз курулган эки кабаттуу имарат түрттүрүлүүдө.

Жеринде мэриянын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери иш алып барышууда.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин муниципалдык жерге  мыйзамсыз имаратын куруп алган жаран Б.А.га карата  доо арызы Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2022-жылдын 26-сентябрындагы чечими канааттандырылды.

Сот департаменттин доо арыздарын канааттандырып, жалпы аянты 326,7 чарчы метр болгон эки кабаттуу имаратты бузуу чечимин кабыл алган.
Түрттүрүү иштери улантылууда.