Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти Кыргыз Республикасынын Киокушинкай-Будо каратэ федерациясы менен биргеликте каратэ боюнча Ашихара боюнча Бишкек шаарынын чемпионатын өткөрдү.
Иш-чаранын максаты – чемпионаттын эң күчтүү спортсмендерин жана жеңүүчүлөрүн аныктоо, Ашихара каратэсин жайылтуу жана өнүктүрүү, жаштар арасында сергек жашоо образын жайылтуу, күжүрмөн маанайды жана спорттук чеберчиликти жогорулатуу, моралдык жана физикалык бийик сапаттарды калыптандыруу болуп саналат.
Татамиге 40 салмак категориясы боюнча 240 жаш спортчу, ошондой эле 8 салмак категориясы боюнча 100дөн ашык чоңдор чыккан.
Турнирдин жыйынтыгы боюнча командалык эсепте орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
1-орун - Бишкектин "Шиноби" клубдарынын курама командасы (12 алтын, 8 күмүш жана 9 коло медаль);
2-орун - Бишкек шаарынын «Каскад» спорт клубунун командасы (10 алтын, 7 күмүш жана 9 коло медаль);
3-орун - Бишкектеги "Годжу-Рю" спорт клубунун командасы (9-алтын, 6-күмүш жана 8-коло медаль).