Октябрь районун өнүктүрүүгө багытталган жергиликтүү жамааттардын демилгелерин колдоо максатында Октябрь райондук администрациясы дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоо үчүн өнүктүрүү долбоорлоруна ачык сынак өткөрүп жатат.

Бул багытта жыл сайын Бишкек шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетинен турак жай фондун сактап калуу үчүн оңдоо иштеринин ар кандай түрлөрүнө, көп батирлүү турак жайларды жана турак жай аймактарын, жеке имараттардын инфраструктурасын жакшыртууга, курууга (чатыр, кире бериш ж.б.)  5 миллион сом өлчөмүндө каражат бөлүнөт.

2023-жылга дем берүүчү (үлүштүк) гранттарга арыздарды (долбоорлорду) кабыл алуу боюнча иштер белгиленген тартипте улантылууда.

Урматтуу шаар тургундары! Жергиликтүү коомчулуктун долбоорлорун дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоо шарттары боюнча маалымат алуу үчүн телефон: 57-66-11.