Райондук администрация Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине, майыптарына, Ленинград блокадасынан аман калгандарга, концлагерлердин жашы жете элек туткундарына барып, аларга ыраазычылык иретинде азык-түлүк себеттерин тапшырышты. Акимчиликтин атынан 12 себет таратылды.

Ошондой эле, майрамдын урматына райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда турган Улуу Ата-Мекендик согуштун 7 майыбына жана катышуучусуна, 1  Ленинград блокадачысына, 4 концлагердин жашы жете элек туткунуна, 24 майып жана майыптыгы жок тыл кызматкерлерине, Советтик Армиянын11 майыбына 2000 сомдон жөлөк пул берилет.