Райондун башчысы биринчи барган объекти “Арча-Бешик” жаңы конушундагы 180 орундуу бала бакча болду. Объекттин курулушу 2020-жылдан бери жүрүп жатат. Подрядчы – «КББ» ЖЧКсы объект 70%га даяр экенин билдирди. Бала бакча 2023-жылдын экинчи кварталында эшигин ачат деп күтүлүүдө.

Андан ары Русланбек Тагаев №93 орто мектептин аянтына барды.

Бүгүнкү күндө долбоордук кубаттуулугу 960 окуучуга ылайыкталган мектепте учурда 1740 бала эки нөөмөт менен билим алууда жана ички миграциядан улам окуучулардын саны жыл сайын көбөйүүдө. №93 орто мектепте класстардын жана окуучулардын орундарынын жетишсиздиги курч маселе болуп турат. Ошоло себептен мектепке кошумча имарат куруу пландаштырылууда.

Андан соң район башчысы Ак-Өргө конушундагы Ашар көчөсүндө салынып жаткан тез жардам кызматынын имаратынын курулушу менен таанышты. Курулуш Катар кайрымдуулук уюмунун Кыргыз Республикасындагы филиалынын инвесторлору тарабынан каржыланат. Бүгүнкү күндө ички жасалгалоо иштери аяктоо стадиясында, иш 80%га аткарылды.

Көчмө жыйындын жыйынтыгы менен район башчысы курулуштун темпин тездетип, аткарылып жаткан иштердин сапатына көзөмөлдү күчөтүүнү жооптуу адистерге тапшырды.