Жалпы саны 66 от казан учурдагы аба- ырайынын кескин өзгөргөнунө байланыштуу тынымсыз иштөөдө. Алардын 22 си жаратылыш газы менен 22си көмур электр энергиясы менен иштеп жатат. Ишкана шаардын батыш жана түштүк-батыш бөлүктөрүн: Жал кичи району, Аскердик шаарча, Газ шаарча, Орто-Сай, Калыс-Ордо конуштары жана Жумушчулар шаарчасынын аймагын тейлейт. Жалпысынан ишкана калкты, билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелерин, өнөр- жай жана коммерциялык ишканаларын жылуулук энергиясы менен камсыз кылат. Башкача айтканда 40 мектепти, 14 бала бакча ,12 мамлекеттик мекеме, 212 жеке ишканананы кышкысын жылуулук менен камсыздайт.
0312 21-29-06 — диспетчерлик кызмат;
0701 777-110 — ишкананын What`sApp номери аркылуу суроо- талаптар менен кайрылсаныздар болот.