Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Максат Орозбекович борбор калаанын коомдук транспортторунда жол кире тарифтеринин кымбатташына токтолду.
Нусувалиевдин айтымында, транспорт тармагында оор абал пайда болду. 2021-жылдын сентябрь айында тарифтер акыркы жолу кайра каралып чыккандан тартып, КММдын, запастык бөлүктөрдүн жана башка милдеттүү чыгымдардын наркы кыйла өстү. Учурдагы коомдук транспорттогу жол кире тарифтери 2021-жылдын 1-ноябрынан тартып Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы №8 “Транспорт тармагындагы БШКнын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна ылайык белгиленген. Автобуста жана троллейбуста 11 сом, кичиавтобустук каттамда 15 сомду түзөт.
Жүргүнчүлөрдү жана багажды ташуунун иш жүзүндөгү өздүк наркы накталай эсептешүү тарифинен ашып кетти. Натыйжада, транспорт ишканаларында жүгүртүү каражаттардын жетишсиздиги, материалдар жана эмгек акы боюнча карыздар пайда болуп жатат. Транспорт каражаттарынын запастык бөлүктөрүн сатып алууга каражаттын жоктугу транспорттордун каттамга чыгышынын кыскарышына, жүргүнчүлөрдүн күтүү убактысынын көбөйүшүнө, ошондой эле, шаардыктардын коомдук транспорттун иши боюнча даттанууларынын көбөйүшүнө алып келди.
Токтомго ылайык, Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана багажды ташуу тарифтерин өзгөртүү маселесин кароодо эксплуатациялык чыгымдардын жана инфляциянын өзгөрүүсүн эске алуу керек.
2021-жылы тарифтер кайра каралгандан бери күйүүчү майдын 1 литринин баасы 41 сомдон (жол кирени кабыл алууда комиссиянын эсептөөлөрү боюнча) 75 сомго чейин (2022-жылдын 1-октябрына карата) көтөрүлдү.
Учурдагы жол кире акысын өзгөртүү үчүн “Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги №312 “Бишкек шаарынын коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана багажды ташуу тарифтери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР БШК токтомунун долбоору иштелип чыккан.
Токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо үчүн мамлекеттик, муниципалдык бийлик органдарынын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнөн жумушчу топ түзүлдү.
Бүгүнкү убакта, жумушчу топ жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүүдө. Мамлекеттик жөнгө салуунун 3 варианты каралат:
1."Баарын кандай болсо, ошондой калтыр".
2. Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 26-апрелиндеги №312 “Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү жана багажды жалпы пайдалануудагы жүргүнчүлөрдү ташуу транспорту менен ташуу тарифтери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Бишкек шаардык кеңештин токтомунун долбоорун белгиленген жол кире тарифтери менен кабыл алсын:
- муниципалдык коомдук транспортто - 15 сом;
- жеке ташуучулардын бардык класстарындагы автобустарда - 22 сом;
- кечки тариф - 32 сом.
3. Регламенттин альтернативалуу варианты: “Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 26-апрелиндеги №312 “Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү жана багажды жалпы пайдалануудагы жүргүнчүлөрдү ташуу транспорту менен ташуу тарифтери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Бишкек шаардык кеңештин токтомунун долбоорун муниципалдык коомдук транспортто жүрүү үчүн тарифтерди белгилөө менен кабыл алуу:
- автобустар - 16 сом;
- троллейбустар - 14 сом;
- бардык жеке ташуучулардын автобустарында 26,5 сом;
- кечки тариф - 32 сом.
Баалардын экономикалык анализинин негизинде жана бул варианттардын таасиринин эффективдүүлүгүн эске алуу менен бүгүнкү күндө жол кире тарифин төмөнкүдөй белгилөө пландаштырылууда:
Бир жүргүнчүгө жол кире:
- троллейбуста - 15 сом;
- менчигинин түрүнө карабастан автобуста (өзгөчө чакан класстагы автобустардан тышкары) - 15 сом;
- менчигинин түрүнө карабастан өзгөчө чакан класстагы автобустарда:
6:00дөн 20:30га чейин - 21 сом,
20.30дан 6.00гө чейин - 32 сом.
- менчигинин түрүнө карабастан атайын чакан класстагы экспресс-автобустарда: № 233, № 234 - 22 сом;
№ 123, № 226, № 252 - 32 сом.
Жол кирени жогорулатуу борбордун тургундарына жана конокторуна жол кыймылынын графиги аркылуу көрсөтүлүүчү транспорттук кызматтын сапатын, кыймылдуу курамдын санын жакшыртат, ошондой эле автомобилдик транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууга тартылган кыймылдуу курамдын техникалык абалын жакшыртат жана жаңылайт.