Шаардык муниципалитетте мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кайрат Нурпеисов менен жолугушту.

Тараптар борбордогу коомдук-саясий кырдаалды талкуулашты.  Б.Түлөбаев шаардык кызматтардын, райондук  администрациялардын  пандемия учурундагы  ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди.

Белгилей кетсек, шаарда абал туруктуу, бардык шаардык кызматтар жана мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрү штаттык режимде иштеп жатышат.

Ошондой эле мэрдин  милдетин аткаруучу боордош- шаарлар жана өнөктөш- шаарлар менен, айрыкча Нур-Султан жана Алматы шаарларынын акимчиликтери менен өз ара  кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Бишкек шаары боордош эки шаар менен бир туугандык мамилелерди түзгөн (1997-жылы Алматы, 2011-жылы Нур-Султан).

Бишкек –  достуктун  шаары!