Бишкек шаарынын Октябрь районунда жайгашкан №127 баланы өнүктүрүү борбору 1965-жылы иштей баштаган. Бакча 140 орунга ылайыкталып (6 тайпа), бардык талаптарга жооп берет.  

Сабактарды квалификациясы жогору педагогтор алдыңкы технологияларды, интерактивдүү ыкмаларды колдонуу менен өтүшөт. Бардык аракет  балдардын акыл-сезимдеринин өнүгүшүнө жана аларды мектепке даярдоого жумшалат.

Ар бир наристенин ден-соолугун чыңдоо жана дене түзүлүшүн өркүндөтүү  максатында активдүү оюндарга жана гимнастикага көңүл бурулат.

Айтылуу мекеме жөн гана бала бакча эмес баланы өнүктүүрүү борбору болгондуктан, кошумча билим берүүгө көбүрөөк көңүл бөлүнүп келет. Бакчада англис тил, бий ийримдери үйрөтүлөт. Заманбап, чыгармачылык изденүү менен иш алып барган мугалимдер сабак беришет.

Шаардык деңгээлде уюштурулган кароо сынактарда бала бакча алдыңкы орундарды ээлеп келет. Жыл ичиндеги жетишкендиктери деп “Жүрөгүмдү балдарга арнайм” кароо сынагындагы жана “Манастын урпактары” фестивалындагы байгелүү орундар, ошондой эле “Эл жомогу, эл мурасы” жана “Кыш балдардын көз карашы менен” кароо сынактарындагы баш байгелер тууралуу айтса болот.