Бүгүн Бишкекте 10 сомго эмне сатып алса болот? - жарым-алма, 3 картөшкө, жарым бөлкө нан.

Ошол эле учурда шаар тургундары 10 сомдон азыраак акча 1 кубометр суу үчүн төлөшөт.

1 кубометр суу – азбы же көппү? Өзүңөр көргүлө.  

5 мүнөт душка түшүп, болжол менен 100 литр суу сарптайбыз. Демек, 1 куб. м суу – 10 адам үчүн душ болуп берет.

Туалеттин суусун бир жолу эле агызуу 6-10 литр сууну талап кылат. Демек, 1 куб. м. суу – 100-150 жолу туалет колдонуусуна жетет.

Автомат-машинада кир жууган сайын 100 литрге чейин суу сарпталат. Демек, 1 куб. м. суу – кир жуугуч машинаны 10-15 жолу иштетүүсүнө жетет.

Приоритеттерди туура койгула. Жердеги эң баалуу ресурс болгон – сууну сактагыла! Жашоонун эң зарыл муктаждыгын камсыз кылган, "Бишкексууканалдын" кызмат үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөп тургула.