Бишкек шаарынын жаңы конуштары газдаштырылат!
2023-жылы шаарыбыздагы 5 конушту газ менен жылытууга өткөрүү менен газдаштыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Жеке үй чарбаларын жылытуунун альтернативдүү булактарын, анын ичинде жылуулук насосторун киргизүү Бүткүл дүйнөлүк банктын колдоосунда иштелип чыгууда.
Көмүр менен иштеген 22 муниципалдык откананы газга жана жылытуунун башка альтернативдүү булактарына өткөрүү каралууда.