Ушул айдын ар бир өткөн убакыт сааттары, күндөрү бизди улам  жаңы жылга  жакындатууда. Бүгүн биз баарыбыз жаңы жылдын келишинин символу болгон, шаарыбыздын көркүн ачкан, өзгөчө шаңга бөлөгөн, көктү сермеген «Балатыны жандыруу» азем салтанатына чогулуп отурабыз.  Баарыңыздарды салтка айланып калган өлкөбүздүн борбор калаасынын  башкы аянты «Ала Тоо аянтында Балатыны жандыруу  салтанаты менен куттуктайм. Урматтуу салтанаттын катышуучулары! Ушул көз жоосун алган жаңы жылдык Балаты, жети миң оюнчук менен кооздолду. Бул жакында эле өлкөбүздүн  калкынын саны 7 миллионго жеткенинин символу болуп саналат. Ушул көз ирмемден баштап шаарыбыз жана анын тургундары жаңы жылдын деми, илеби жана шаңы менен жашай башташат. Шаар боюнча  жаңы жылдык балатылар  жаркырап, ажайып кооздук чачып, шаардыктардын жана коноктордун маанайын көтөрүп, жүрөктөрүн жылытаары шексиз. Жаңы жыл –жаңы үмүттөрдүн, тилектердин, өткөнгө көз чаптырып, келечекке  умтулган асыл максаттардын майрамы. Дүйнө элдериндей эле биздин өлкө дагы, анын ичинде сүйүктүү Бишкек шаарыбыз - Жаңы жылды “Жаратканыбыз жалгасын” деген  жакшы тилектер  менен тосуп жатабыз.  Эзелтен элибиз: “Жакшы тилек жарым ырыс” деп бекеринен айтпаган. Анын сыңары, биз дагы жаңы жылга жакшы ийгиликтер жана жетишкендиктер менен бара жатабыз. Сапары карып бараткан 2022-жыл шаарыбыз үчүн жемиштүү, аракетке бай, жигердүү иштердин жылы болду. Жыл ичинде маанилүү жана эң керектүү долбоорлорду ишке ашыра алдык.  Бир катар  социалдык обьектилер, мектептер, бала бакчалар жана  ооруканалар курулуп пайдаланууга берилди. Шаардыктардын көп жылдан бери көйгөйүнө айланып келе жаткан калдыктарды ылгап иштетүү заводунун долбоору башталды.  Ушундай ири долбоорлор менен катар шаарыбызга газ жана электробустардын келиши, жол тыгындарын азайтуу үчүн жер алдынан өткөрмө жолдордун, ар кандай багыттагы транспорт агымдарынын үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыз кылуучу кайчылаш жолдордун, жаңы мектеп жана бала бакчалардын курулушу келе жаткан жылы да  ийгиликтүү улантылмакчы. Ошондой эле руханий кенчибизди байытууга, маданий жана спорттук иш чараларыбызды  дагы активдештирүүгө, жакшыртууга да көңүл бурулмакчы.  Калк саламттыгы үчүн кам көрүү, экологиялык жактан таза шаарга айландыруу, бир кездеги “Жашыл шаар” макамын кайра кайтаруу иштери да алдыдагы башкы максаттардын  бири.   Ал үчүн, урматтуу жаштар! Бишкек шаарыбыздын келечегине кайдыгер эмес жарандар катары, адептүү, билимдүү, Мекенин сүйгөн жаштар катары — биздин максатыбыз жана келечегибиз биримдик, ынтымак экенин эске алууу менен Сиздердин дагы жигердүү аракеттенүүгө өз салымыңарды кошууга чакырамын. Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгара алдыга умтулсак, жасалбаган жумуш, бүтпөгөн иш болбойт.