"Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасынын
УСТАВЫ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты жана "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасынын (мындан ары - Ишкана) иш-аракеттерин регламенттейт.
2. Бишкек шаарынын мэриясы Ишкананын уюмдаштыруучусу (мындан ары - Уюмдаштыруучу) болуп саналат. Ушул Устав Ишкананын уюмдаштыруу документи болуп саналат.
3. Ишкана өз иш-аракеттеринде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзам тарабынан белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Бишкек шаарынын мэриясынын актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
4. Ишкана чарба жүргүзүү укугуна негизделген, ишкананын уюштуруучулук-укуктук формасында иш жүргүзгөн юридикалык жак (коммерциялык уюм) болуп саналат.
5. Ишкана өз алдынча балансына, Кыргыз Республикасынын банктык мекемелеринде эсептешүү жана башка эсептерине, мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган өз аталышы бар мөөргө, штамптарга жана белгиленген үлгүдөгү бланктарга ээ.
6. Ишкананын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасы;
- расмий тилде: Муниципальное предприятие "Бишкекский санитарный полигон".
Ишкананын кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "БСП" МИ;
- расмий тилде: МП "БСП".
7. Ишкананын юридикалык дареги: 720030, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспекти, 328.
2. Ишкананын иш-аракеттеринин предмети жана максаттары
8. Ишкана Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын сорттоо, кайра иштетүү жана көмүү боюнча коммуналдык тейлөөнү, катуу тиричилик калдыктарын бөлүп чогултуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү башкарууну, катуу тиричилик калдыктарын таштоочу жайды эксплуатациялоону жана күтүүнү ишке ашырууга багытталган, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын саясатын ишке ашыруу максатында ушул Уставда аныкталган иш-аракеттерди ишке ашырат.
3. Ишкананын милдеттери жана иш-милдеттери
9. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жана жарандардын саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык катуу тиричилик калдыктарын көмүүнү камсыздоо жолу менен Бишкек шаарындагы экологиялык абалды жакшыртуу;
- "Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу тутумун жакшыртуу" долбоорун ишке ашыруу.
10. Жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында Ишкана төмөнкүдөй иш-милдеттерди ишке ашырат:
- жеке жана юридикалык жактарга өндүрүш жана керектөө калдыктарын көмүү боюнча кызмат көрсөтүү;
- мал көмүлгөн жерлерге жолбун жаныбарлардын сөөгүн көмүү;
- шаардык санкцияланган таштанды жайын күтүү жана рекультивациялоо;
- өндүрүш жана керектөө калдыктарын сорттоону уюштуруу, таштандыларды чарбалык жүгүртүүгө кайтаруу;
- Бишкек шаарынын Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу сегментин комплекстүү жакшыртуу боюнча долбоорун администрациялоо (координациялоо, башкаруу, мониторинг) жана бардык аспектилерин баалоо;
- Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын бөлүп чогултуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү башкаруу;
- шаардык инсинераторду жана Беккари чуңкурларын эксплуатациялоо жана күтүү;
- Бишкек шаарынын керектөөлөрүнө ылайык катуу тиричилик калдыктарын көмүүгө жана утилизациялоого жаңы жайларды уюштуруу;
- Бишкек шаарынын мэриясынын тапшырмаларына ылайык пландан тышкары башка жумуштар.
11. Ишкана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген баалар жана тарифтер боюнча ар түрдүү кызматтарды көрсөтөт. Ишкана атайын уруксаттарды (лицензия) талап кылган иш-аракеттердин түрлөрүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген лицензиянын негизинде ишке ашырат.
4. Ишкананын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги
12. Ишкана төмөнкү укуктарга ээ:
- чарба жүргүзүү укугунда өз мүлкүнө ээ болууга, өз иш-аракеттеринин максаттарына жана мүлктүн дайындалышына ылайык аларга ээлик кылууга жана пайдаланууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Ишкананын милдеттерин ишке ашыруу үчүн эмгек келишимдерин, мөөнөттүү эмгек келишимдерин, подряддык келишимдерди жана башка жарандык-укуктук келишимдерди түзүүгө;
- Ишкананын алдында турган милдеттерди ишке ашыруу алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- уставдык иш-аракеттерди аткарууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталган баалар боюнча кызматтарды көрсөтүүгө;
- Ишкананын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн, белгиленген тартипте адистерди тартууга жана жумушчу топторду түзүүгө;
- Ишкананын каражаттарынын чегинде Ишкананын убактылуу же мезгилдик иштерин аткаруу үчүн мөөнөттүү эмгек келишимдердин негизинде убактылуу жумушчуларды тартууга;
- өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын сотторуна доо берүүгө, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуунун натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доо берүүгө;
- чарбалык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн Ишкананын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жана сыйлоонун формаларын жана системасын, техникалык жана социалдык өнүктүрүүгө багытталган каражаттардын өлчөмүн иштеп чыгууга;
- Ишкананын компетенциясына кирген маселелер боюнча комиссиялардын, жумушчу топтордун ишине катышууга;
- Ишкананын автоматташтырылган маалыматтык системасын, анын ичинде электрондук документ жүгүртүү системасын түзүүгө, коштоого жана өркүндөтүүгө;
- Ишкананын электрондук архивин жүргүзүүнү камсыздоого;
- өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды, милдеттерди алууга, сотто доогер жана жоопкер болууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган ар кандай бүтүмдөрдү түзүүгө;
- улуттук жана чет өлкөлүк валютада эсептешүү жана башка эсептерди ачууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Устав тарабынан белгиленген тартипте мүлк сатып алууга;
- өзүнүн акча каражаттарын жана мүлкүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Устав тарабынан белгиленген тартипте тескөөгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коммуналдык кызматтарды көрсөтүү жаатында чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар менен кызматташууга;
- финансы-чарбалык иш-аракеттерин өз алдынча ишке ашырууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн иш-аракеттеринен кирешелерди алууга;
- товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга карата конкурстарга катышууга табыштамаларды берүүгө;
- катуу тиричилик калдыктарын көмүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө карата жеке жана юридикалык жактар менен келишимдерди түзүүгө, ошондой эле алардын эсебин жүргүзүүгө жана аткаруу сапатын контролдоого;
- мыйзамдар тарабынан белгиленген тартипте Ишкананын иштөөсү үчүн зарыл болгон жабдууларды жана материалдарды сатып алууга, анын ичинде чет өлкөдөн сатып алууга;
- Ишкананын социалдык-тиричилик базасын өнүктүрүүгө;
- өз иш-аракеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү болгон каражаттардын чегинде жеке жана юридикалык жактардан кабыл алууга;
- катуу тиричилик калдыктарын бөлүп чогултуу, сорттоо, кайра иштетүү, көмүү жана утилизациялоо, санкцияланган таштанды жай объекттерин эксплуатациялоо келишимдери боюнча, ошондой эле чарбалык эсептеги иш-аракеттерден түшкөн каражаттардын чегинде башка келишимдер боюнча юридикалык жана жеке жактарды субподрядчы катары тартууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте зайым жана кредиттик каражаттарды тартууга;
- мыйзамдар тарабынан белгиленген тартипте кызмат көрсөтүү чөйрөсүн кеңейтүүгө, иш-аракеттердин жаңы түрлөрүн киргизүүгө;
- белгиленген компетенциянын алкагында юридикалык актыларды жана аракеттерди (бүтүмдөрдү) жасоого, келишимдерди түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан тыюу салынбаган жумуштардын башка түрлөрүн аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө;
- өз иш-аракеттеринин чөйрөсүндө Бишкек шаарынын мэриясынын жана Бишкек шаардык кеңештин актыларынын долбоорлорун Уюмдаштыруучунун кароосуна киргизүүгө;
- Уюмдаштыруучу менен макулдашуу боюнча башка юридикалык жактарды уюмдаштырууга.
13. Ишкана төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- чарба жүргүзүү укугунда ага өткөрүлүп берилген мүлктүн сакталышын камсыздоо боюнча зарыл болгон чараларды кабыл алууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сырды жана конфиденциалдуу маалыматтарды сактоону камсыз кылууга;
- кызматкерлерди коопсуз эмгек шарттары менен камсыздоого жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жарамдуулугуна келтирилген зыян үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык өз милдеттемелерин аткарууга;
- белгиленген тартипте калкка консультациялык-укуктук жардам берүүгө.
14. Ишкана Уюмдаштыруучунун милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт, ал эми Уюмдаштыруучу Ишкананын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт.
15. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбесе, Уюмдаштыруучу менен макулдашуу боюнча ушул Уставда каралбаган башка укуктарга жана милдеттерге ээ боло алат.
5. Ишкананы башкаруу
16. Ишкананын иш-аракеттерине жалпы жетекчилик кылууну жана координациялоону Уюмдаштыруучу ишке ашырат. Уюмдаштыруучу Ишкананын иш-аракеттерине тийиштүү бардык маселелер боюнча чечим кабыл алууга укуктуу. Ишкананын кирешелер жана чыгашалар сметалары, түзүмү, штаттык саны жана расписаниеси Уюмдаштыруучу тарабынан бекитилет.
17. Ишкананы учурдагы башкарууну Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары жана ушул Устав тарабынан белгиленген тартипте Бишкек шаарынын мэри тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жүзөгө ашырат.
18. Директор укуктарга, милдеттерге ээ, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралган тартипте жоопкерчилик тартат жана ушул Уставдын жана эмгек келишиминин негизинде иштейт.
19. Ишкананын директору ишкананын атынан чыгат, ишеним катсыз келишимдерди, анын ичинде эмгек келишимдерин түзөт, Ишкананын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот; ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш эсептерин жана башка эсептерди ачат, ушул Устав тарабынан белгиленген чекте каражаттарды тескөө укугун пайдаланат, белгиленген тартипте Ишкананын бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет, соттордо Ишкананын кызыкчылыгын көрсөтөт, юридикалык жана жеке жактар менен мамилелерде Ишкананын атынан чыгат.
20. Директор Ишканага жүктөлгөн тапшырмалардын жана иш-милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
21. Ишканада Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте Бишкек шаарынын мэри тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу Ишкананын директорунун орун басарынын кызмат орду каралган.
22. Ишкананын директору иште жок учурда (убактылуу эмгекке жарамсыздыгы, кызматтык иш сапары) же ыйгарым укуктары токтотулган учурда Ишкананын директорунун орун басары анын ыйгарым укуктарын убактылуу ишке ашырат. Директордун орун басарына Ишкананын финансылык документтерине кол тамга коюу укугу директордун тийиштүү буйругунун негизинде берилет.
23. Кызматкерлердин иш жана эс алуу режими, аларды социалдык камсыздоо жана камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдери менен жөнгө салынат.
6. Ишкананын мүлкү жана финансы каражаттары
24. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык ага чарба жүргүзүү укугунда тийиштүү болгон мүлккө, негизги жана жүгүртүү каражаттарына экономикалык максатка ылайыктуулугун жана Уюмдаштыруучунун кызыкчылыктарын эске алуу менен ээлик кылат жана пайдаланат.
25. Ишкана өзүнө таандык чарба жүргүзүү укугунда берилген кыймылсыз мүлктү Уюмдаштыруучу менен макулдашуусуз сатууга, ижарага берүүгө, күрөөгө коюуга, чарба жүргүзүүчү коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салым (үлүш) катары киргизүүгө же башка ыкма менен бул мүлктү тескөөгө укуктуу эмес.
26. Ишкананын мүлкү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан тыюу салынбаган бардык түрдөгү иш-аракеттерди ишке ашыруу үчүн ага бекитип берилет.
27. Ишкана тарабынан финансылык-чарбалык иш-аракеттерден түшкөн кирешенин жана башка булактардын эсебинен түзүлгөн же сатып алынган мүлк муниципалдык менчикке түшөт жана Ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитип берилет.
28. Ишкана тарабынан чарбалык иш-аракеттердин натыйжасында алынган пайдага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш. Жылдык финансылык-чарбалык иштин жыйынтыктары боюнча Ишкананын 50 пайыздан кем эмес таза пайдасы отчёттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө жергиликтүү бюджетке которулууга тийиш. Таза пайданын калдыгы Ишкананын фонддорун түзүү үчүн пайдаланылат.
7. Ишкананын эсепке алуусу, отчёттуулугу жана контролу
29. Ишкана бухгалтердик эсепти Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте жүргүзөт.
30. Ишкана өз иш-аракеттерин иштелип чыккан иш пландарынын негизинде жүзөгө ашырат.
31. Ишкана Бишкек шаарынын мэриясына белгиленген тартипте финансылык-чарбалык иш-аракеттеринин жыйынтыктары жөнүндө отчётторду берет.
32. Ишкананын директору жана башкы бухгалтери Ишкананын финансылык каражаттарын жана мүлкүн эсепке алуунун тууралыгы жана максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик тартышат, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык толук материалдык жоопкерчилик тартышат.
8. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
33. Ишкананы кайра уюштуруу (кошуу, бириктирүү, бөлүштүрүү, бөлүү, кайра түзүү) Уюмдаштыруучунун чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте ишке ашырылат.
34. Ишкананы жоюу (иш-аракеттерин токтотуу), Уюмдаштыруучунун чечими боюнча же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте жана учурларда соттун чечими менен ишке ашырылат.
35. Кредиторлордун талаптары канааттандырылгандан кийин калган Ишкананын мүлкү бул мүлккө буюмдук укукка ээ болгон анын Уюмдаштыруучусуна өткөрүп берилет.
36. Ишкана каттоо органы тарабынан тийиштүү буйрук чыккан учурдан баштап жоюлду деп эсептелет.
37. Ишкананы кайра уюштуруу же жоюу учурунда иштен бошотулуучу кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралган өлчөмдө компенсация төлөнөт.
38. Ишкананын иш-аракети процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.