"Бишкек шаарынын мэриясынын мобилизацияланган резервинин материалдарын сактоо кызматы" мекемесинин
ЖОБОСУ
1. Жалпы жобо
1. "Бишкек шаарынын мэриясынын мобилизацияланган резервинин материалдарын сактоо кызматы" мекемеси (мындан ары - Материалдарды сактоо кызматы) Бишкек шаарынын мэриясынын жарандык коргонуусунун атайын мүлктөрүн узак мөөнөткө сактоого кабыл алуу, топтоо, жаңыртуу, сактоо, берүү, сапаттуу жана саны жагынан түгөл сактоо үчүн контролдоо ишин жүргүзөт.
2. Материалдарды сактоо кызматынын түзүүчүсү болуп Бишкек шаарынын мэриясы саналат.
3. Материалдарды сактоо кызматы өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган белгиленген мыйзам тартибинде күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, Бишкек шаардык кеңештин токтомдоруна жана Бишкек шаарынын мэриясынын буйруктарын жана ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
4. Материалдарды сактоо кызматы "мекеме" уюштуруу-укуктук түрдөгү юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча баланска, эсептик жана башка счётко, Мамлекеттик Гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мамлекеттик жана расмий тилде өзүнүн аталышы бар мөөргө, тийиштүү мөөргө, штамптарга, өздүк эсептерге, фирмалык бланктарга ээ жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык сотто доогер жана жоопкер болуп чыга алат.
5. Материалдарды сактоо кызматынын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Горький көчөсү 142.
6. Материалдарды сактоо кызматынын аталышы:
- мамлекеттик тилде "Бишкек шаардык мэриясынын мобилизацияланган резервинин материалдардын сактоо кызматы" мекемеси;
- Расмий тилде - Учреждение "Служба хранения материалов мобилизационного резерва мэрии города Бишкек".
2. Материалдарды сактоо кызматынын максаты жана милдеттери
7. Материалдарды сактоо кызматынын максаты болуп Бишкек шаарынын мэриясынын жарандык коргонуусунун атайын мүлктөрүн сактоо болуп саналат.
8. Материалдарды сактоо кызматынын негизги милдети болуп төмөнкүлөр саналат:
- жалпы сактоо мөөнөтү аралыгында Бишкек шаарынын жарандык коргонуусунун атайын мүлктөрүн сапаттуу жана санын камсыздоо, ошондой эле багыты боюнча тездик менен берүүгө туруктуу даярдыгын камсыздоо боюнча иш-аракетти башкаруу жана уюштуруу;
- атайын мүлктү узак мөөнөттүү сактоонун тутумун жакшыртуу, жеке жана химиялык касиеттерге жараша сактоо режимин колдонуу.
- атайын мүлктү кабыл алууда, топтоодо, берүүдө, консервациялоодо жана иштеп чыгууда кампа ичиндеги жумуштарды болушунча механизациялоо, ошондой эле бул иштерде эмгекти жеңилдетүүчү түрдүү ылайыкташууларды колдонуу.
3. Материалдарды сактоо кызматынын негизги иш-милдеттери
9. Жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында Материалдарды сактоо кызматы төмөндөгүдөй иш-милдеттерди жүзөгө ашырат:
- жарандык коргонуунун атайын мүлктөрүн узакка сактоого, чогултууга, жаңыртууга жана сактоого кабыл алууну уюштурат;
- Бишкек шаарынын жарандык коргонуунун атайын мүлктөрүн кампада консервацияланган абалда жана учурдагы канааттандырарлык материалдык баалуулуктардан өзүнчө сакталышын уюштурат;
- кампаларды талаптарга ылайык тийиштүү абалда күтөт;
- өзгөчө кырдаалдарда мобилизациялык резервдеги кампалардын туруктуу иш алып баруусун камсыздайт;
- атайын мүлктү айлана-чөйрөнү коргоонун таасиринен коргоо каражаттарын жана ыкмаларын пайдалануу менен техникалык жактан түзүк абалда күтүлүшүн камсыздайт;
- кампалардын талаптагыдай корголушун жана өрт коопсуздугунун эрежелерин сакталышын уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы жана башка дагы мамлекеттик, муниципалдык органдар, башка уюмдар менен жарандык коргонуунун атайын мүлктөрдү сактоо жана лабораториялык сыноо боюнча өз ара аракеттешүүсүн ишке ашырат;
- атайын мүлктү пайдаланууга анын болушун, сапаттуу абалын, шарттарын жана сактоо ордун, эсебин жана даярдыгын системалуу түрдө уюштурат;
- текшерүүдө келип чыккан кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды көрөт;
- мүлктөрдүн сапаттуу абалын паспорттор же лабораториялык сыноо актылары менен ырастоодо Мамлекеттик стандарттын же техникалык шарттардын талаптары менен бекитилген номенклатурада узак мөөнөткө сактоо үчүн белгиленген атайын мүлккө ылайык келишин камсыздоо боюнча чараларды көрөт.
4. Материалдарды сактоо кызматынын укугу
10. Материалдарды сактоо кызматы төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Материалдарды сактоо кызматынын иш-аракетин камсыздоого багытталган келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды жана башка документтерди түзүүгө;
- жарандык коргонуунун атайын мүлкүн сактоонун шарттарын жакшыртуу боюнча сунуш киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарга.
5. Материалдарды сактоо кызматынын иш-аракетин уюштуруу
11. Материалдарды сактоо кызматынын жогорку башкаруу органы болуп Бишкек шаарынын мэриясы саналат, ал мыйзамдарга ылайык Материалдарды сактоо кызматын түзүү, Материалдарды сактоо кызматын кайра уюштуруу жана жоюу, түзүмдү жана штаттык расписаниени бекитүү, Кызматтын начальнигин дайындоо жана иштен бошотуу маселелерин чечет.
12. Материалдарды сактоо кызматына тийиштүү болгон суроо талаптарды Бишкек шаарынын мэриясы милдеттүү түрдө чечип карай алат.
13. Бишкек шаарынын мэриясынын төмөндөгүгө укуктуу:
- колдонулуп жаткан директивдик документтерге ылайык кампада атайын мүлктү жайгаштырууну жана сактоону уюштурууга;
- өрт коопсуздугунун жана техникалык коопсуздугунун эрежелеринин, эреже бузуунун мүнөзүнөн жана алардын кесепеттерине жараша бузулушуна күнөөлүү, Материалдарды сактоо кызматынын жоопкерчиликтүү кызматкерлерин белгиленген мыйзам тартибине жоопкерчиликке тартууга;
- тийиштүү актылардын жыйынтыктарын чагылдыруу менен сактоо жана эсепке алуу шарттарын, атайын мүлктүн бардык түрлөрүнүн бар экендигине, комплектүүлүгүнө, техникалык абалына толук текшерүү жүргүзүүнү жылына бир жолу уюштурууга жана келип чыккан кемчиликтерди жоюуга карата чара колдонууга;
- атайын мүлктү лабораториялык сыноого, текшерүүгө жана оңдоого, имаратты жана кампаны оңдоого жана кампанын жумушчуларын камсыздоого акча каражаттарын пландоого;
- атайын мүлк кем чыкканда, уурдалганда жана жараксыз болуп калганда мүлктүн жараксыз болуу же уурдалуу себептерине күнөөлүү адамдарды белгилөө үчүн администрациялык териштирүүнү тезинен дайындоого;
- атайын мүлктү техникалык тейлөө жана кайра реконсервациялоо, ошондой эле мүлктүн сакталышын камсыздоочу башка иштерди өндүрүү боюнча иштерди уюштурууга жардам көрсөтүүгө;
- зарылдык жаралганда атайын мүлктү берүү тартибин жана мөөнөтүн белгилөөгө, ошондой эле атайын мүлктүн корголушун уюштурууга;
- кампалардын администрациялык-чарбалык жана өндүрүштүк иш-аракеттерин текшерүү максатында техникалык комиссияны, анын курамына атайын мүлк менен иштөөдө тажрыйбасы бар адистерди кошуу менен түзүүгө;
- атайын мүлк менен тажрыйбалуу адисти комиссиянын составына кошуп административдик чарбалык, өндүрүштүк ишмердүүлүгүн текшерүү;
- өзгөчө кырдаал келип чыкканда, Мэрге - шаардын жарандык коргонуусунун начальнигине кийин баяндамасы берүү менен иш алып баруунун тийиштүү режимине өтүүгө;
- Материалдарды сактоо кызматынын бардык жумушчулары тарабынан милдеттүү түрдө аткаруу үчүн өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу маселеси боюнча буйрук жана көрсөтмө берүүгө.
14. Материалдарды сактоо кызматын Бишкек шаарынын мэри тарабынан дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу начальник башкарат.
15. Материалдарды сактоо кызматынын начальниги:
- Кызматтын иш-аракетин уюштурат жана жетектейт;
- Кызматка жүктөлгөн милдеттерди жана иш-милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кызматтын штаттык расписаниесин жана түзүмүн белгиленген чектелген штаттык эсептин жана эмгек төлөмү фондусунун чегинде Бишкек шаарынын мэриясынын бекитүүсүнө сунуштайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, Кызматтын кызматкерлерин жана жумушчуларын ээлеген кызмат ордуна дайындайт жана бошотот;
- Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, коомдук жана эл аралык уюмдар, чет мамлекеттердин юридикалык жана жеке жактары менен өз ара мамилелеринде Кызматтын атынан чыгат;
- Кызматтын атынан ишеним катсыз бүтүмдөрдү түзөт;
- Кызматтын кызматтык милдеттерди жана башка ички документтерди бекитет;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Кызматтын мүлктөрүн, акча каражатын кошуу менен башкарат;
- Кызматтын кызматкерлери жана жумушчулары тарабынан милдеттүү аткарылууга тийиш буйруктарды чыгарат;
- Кызматтын кызматкерлерине жана жумушчуларына карата Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитил-ген сметага ылайык, сыйлоо жана жаза көрүү чараларын көрөт ;
- Кызматтын учурдагы жана келечектеги иш планын аткарылышын камсыздайт;
- ишеним кат берет жана жокко чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана өндүрүштүк зарылчылыкка ылайык Кызматтын иш режимин белгилейт.
16. Узак мөөнөткө сакталуудагы атайын мүлктүн кампа башчысы материалдык-жоопкерчиликтүү жак болуп саналат, ал:
- кампага сакталуучу атайын мүлктүн корголушу жана сапаттуу абалы, анын сакталышы, туура жайгаштырылышы, капалык эсептин абалы, техникалык жана өрт коопсуздугу үчүн жооп берет;
- узак мөөнөттүү атайын мүлктүн бардык түрлөрүнүн тартибине жана шарттарына тиешелүү нускаманын жана башка жетектөөчү документтердин сакталышын камсыздайт;
- атайын мүлктүн белгиленген тартипке жана нускаманын талаптарына ылайык кабыл алынышын, сакталышын, эсепке алынышын жана жөнөтүлүшүн камсыздайт, узак мөөнөттүү сактоодогу атайын мүлккө кампалык эсеп жүргүзөт;
- сакталуучу атайын мүлктүн комплектүүлүгүн, анын өзүнчө түрлөрүн биргелешип сактоо, ошондой эле комплектке кирген өзүнчө предметтердин тартибин жана шартын камсыздайт;
- кампа жайлардын, жабдуулардын, инвентардын, өрткө каршы каражаттардын он экендигин карайт жана кампа чарбасында келип чыккан берилбей калган отчётторду тезинен жоёт;
- узак мөөнөткө сактоодогу атайын мүлктү айына бир жолудан кем эмес карап турат.
17. Материалдарды сактоо кызматынын начальниги жок болгондо (убактылуу эмгекке жарамсыздык, кызматтык иш сапар, ж.б.у.с.) же анын ыйгарым укуктары токтотулганда анын ыйгарым укуктары Бишкек шаарынын мэриясынын тийиштүү чечимине ылайык, кампа башчысы жүзөгө ашырат.
6. Материалдарды сактоо кызматын материалдык жана каржылык камсыздоо
18. Материалдарды сактоо кызматынын мүлкү ыкчам башкаруу укугунда бекитилет.
19. Материалдарды сактоо кызматы ага бекитилген мүлктөрдү уюмдаштыруучунун макулдугу менен гана тескөөгө укуктуу.
20. Материалдарды сактоо кызматын күтүүгө чыгымдардын каржыланышы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилген чыгымдар сметасына ылайык шаардык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
7. Эсеп жана отчёттуулук
21. Материалдарды сактоо кызматы өзүнүн чарба иш-аракетинин жыйынтыктарынын эсебин жүзөгө ашырат жана белгиленген тартипте бухгалтердик жана статистикалык отчёттуулукту жүргүзөт жана анын аныктыгына карата жоопкерчилик тартат.
22. Эсеп жана отчёттуулук жүргүзүү тартибинин сакталышы, аныктыгы үчүн Материалдарды сактоо кызматынын начальниги жана башкы бухгалтер, ошондой эле кампа башчылары жеке жоопкерчилик тартышат.
8. Материалдарды сактоо кызматын кайра түзүү жана жоюу
23. Бул Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
24. Материалдарды сактоо кызматын кайра түзүү (биригүү, кошулуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу, кайра түзүү) Бишкек шаарынын мэриясынын чечими боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
25. Материалдарды сактоо кызматын жоюу Бишкек шаарынын мэриясынын чечими же соттун чечими боюнча жүргүзүлөт.
26. Насыя берүүчүлөрдүн талаптары канааттандырылгандан кийин Материалдарды сактоо кызматынын калган мүлкү, бул мүлккө буюмдук укугу же Кызматка карата милдеттенмелик укугу бар Бишкек шаарынын мэриясынын атынан анын уюмдаштыруучусуна өткөрүлүп берилет.
27. Кызмат жоюлду деп, каттоо органы тарабынан тийиштүү чечим кабыл алынган учурдан тартып эсептелет.
28. Материалдарды сактоо кызматтын иш-аракет процессинде келип чыккан документтер Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фондусу жөнүндө" Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.