Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясынын токтому

Бишкек шаары, 2016-жылдын 30-июну № 7пк

Балдардын жай мезгилиндеги эс алуусун уюштуруу жана Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарынын даярдыгы жөнүндө

Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясы жашы жетпегендердин арасында укук бузууларды, кароосуздукту жана көзөмөлсүздүктү алдын-ала жоюу максатында администрациялык райондор жана шаардык кызматтар тарабынан балдардын жана өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгилейт. Жалпы билим берүү мектептеринде мектеп алдындагы лагерлер уюштурулду, короодогу жана спорттук клубдар, секциялар, балдар чыгармачылык борборлорунда ийримдер иштеп жатат.

2016-жылы 4162 бала камтылган мектеп алдындагы жайкы эс алуусуна жана шаар сыртында ден соолукту чыңдоо лагерлерине карата шаардык бюджеттен 3 млн. 325,6 миң сом каралган.

2016-жылдын 6-июнунан 1-июлуна чейин шаардын 47 мектебинен 3640 бала тамактандыруу базасы бар 37 жалпы билим берүү мектебине түзүлгөн мектеп алдындагы лагерлерге барышат. Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан мектеп алдындагы лагерлерде бир күндө бир балага 44 сом эсебинде 2 жолку тамактандыруу үчүн перспективалуу аш тизим макулдашылган.

Мектеп алдындагы лагерлердин кызматкерлер штаты комплектелген: начальниктер, тарбиячылар, дене тарбия жетекчилери, музыкалык кызматкерлер жана башкалар - 627 адам (2015-жылы - 454 адам).

Жайкы ден соолукту чыңдоо лагерлеринде болгон учурда балдардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоо, жашы жетпегендер арасында укук бузууларды жана көзөмөлсүздүктү алдын-ала жоюу максатында Бишкек шаарынын ИИББсы тарабынан ар бир мектеп лагерине ЖЖИИ инспектору бекитилген.

Жол-транспорт кырсыктарын алдын-алуу үчүн мектеп алдындагы лагерлер жайгашкан жерлерде Бишкек шаарынын ИИББнын кайгуул милиция башкармалыгынын инспекторлорунун кезмети камсыздалды жана жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча балдар менен аңгемелешүү пландаштырылды.

Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан 2016-жылдын июнь айынан август айына чейин спорттук иш-чаралар пландаштырылууда, аларга 10,0 миңден ашуун бала катышуу күтүлүп жатат.

Бардыгы болуп жай мезгилинде 198 ийрим иштейт, ага 17000 бала катышат.

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан 2016-жылдын 6-июнунда шаар четиндеги ден соолукту чыңдоо лагерлерине жолдомолорду сатып алуу үчүн жалпы суммасы 2 млн. 250 миң сом суммага тендер өткөрүлгөн, ага бир гана талапкер - Ысык-Көл районунун Кош-Көл айылында жайгашкан "Келечек" эмгек жана эс алуу борбору катышты. Тендер боюнча бул лагерде 402 баланын эс алуусу каралууда.

2016-жылдын жай мезгилинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн Ысык-Көлдө эс алуу уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга карата конкурс өткөрүү пландаштырылган. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 100дөн ашык бала Ысык-Көлдө эс алышат, бул максаттар үчүн шаардык бюджеттен 480,0 миң сом каралды.

Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын жай мезгилинде кароосуз балдардын реабилитациялоо борборунун тарбиялануучулары үчүн "Project 143" программасы боюнча 6 жаштан 16 жашка чейинки курактагы 40 баланын АКШга баруусу жана америкалык үй-бүлөдө жашай тургандыгы пландаштырылууда.

Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясы балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу, балдардын сергек жашоо үлгү көндүмдөрүн калыптандыруу, жашы жетпегендердин арасында укук бузуулардын алдын-алуу максатында,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын начальниги С.Ж.Мейрманованын "Балдардын жай мезгилиндеги эс алуусун уюштуруу жана Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарынын даярдыгы жөнүндө" маалыматы эске алынсын.

2. Администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын башчылары (Н.Р.Тынаев, Н.К.Курманбеков, А.Т.Алиев, А.Т.Чылабаева):

- мектеп алдындагы лагерлер иштеген учурунда өрткө каршы зарыл инвентарды алууга карата финансы каражаттарын табышсын;

- 2016-жылдын 1-августуна чейинки мөөнөттө Бишкек шаарынын ИИББсы жана Бишкек шаарынын МСЭКБсы менен биргелешип жайкы лагерлерди уюштурган мамлекеттик эмес жана диний мекемелерди санитардык-гигиеналык ченемдерге туура келишине карата рейддик иш-чараларды жана мониторинг жүргүзүшсүн;

- 2016-2017-окуу жылы башталганга чейин алдын-алуу иш-чараларын өткөрүү максатында кароосуз жана көзөмөлсүз калган балдарды жана өспүрүмдөрдү табуу боюнча шаардын ири базарларында, интернет клубдарда, анын ичинде кечки убакта рейддик иш-чараларды уюштурушсун;

- 2016-2017-окуу жылы башталганга чейин шаардын билим берүү мекемелеринин утурумдук жана авариялык ремонттоо жумуштарын сапаттуу аяктоону камсыз кылышсын.

3. Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы (С.Ж.Мейрманова):

- 2016-жылдын 1-августуна чейинки мөөнөттө жетим балдар, социалдык корголбогон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн мектеп алдындагы жана шаардан тышкаркы лагерлердеги эс алууларын уюштуруу жөнүндө Бишкек шаарынын мэриясына маалымат берсин;

- билим берүү системасынын кызматкерлерине мектеп алдындагы жана шаардан тышкары лагерлерге жана эс алуу аймагына баруу жана кайтуу жолундагы каттамдарда балдардын өмүрүнүн жана ден соолуктарынын коопсуздугу үчүн жеке жоопкерчилик жүктөсүн;

- мектеп алдындагы лагерлер иштеген мезгилде балдардын сейил бактарга, эс алуу жайларына, музейлерге, китепканаларга барууларын камсыз кылсын.

4. Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы (Ы.Ш.Мааткабылов) эс алуу спорттук объекттердин иштешин жана спорттук иш-чараларды өткөрүүнүн бекитилген графигин аткарылышын камсыз кылсын.

5. Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы (С.Курманкулов):

- жашы жетпегендердин иштери боюнча инспекторлорго балдардын ден соолукту чыңдоо эс алуусу мезгилинде жашы жетпегендер арасында көзөмөлсүздүктү жана укук бузууларды алдын-алуу боюнча милдеттерин сапаттуу аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик жүктөсүн;

- шаардык иш-чараларга балдарды транспорт менен алып барууну уюштурган билим берүү уюмдарын коопсуздук чаралары менен камсыз кылсын.

6. Бишкек шаарынын Саламаттык сактоо департаменти (К.Кулбатыров):

- жай мезгилинде профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү үчүн үй-бүлөлүк медицина борборунун медициналык кызматкерлерин билим берүү уюмдарынын мектеп алдындагы лагерлерине бекитсин;

- врачка чейинки жана врачтык алгачкы жардам көрсөтүү үчүн мектеп алдындагы лагерлерди дары каражаттарынын топтому менен жабдысын;

- мектеп алдындагы аянттар иштеген мезгилде балдарды медициналык кароодон өткөрсүн жана балдарды байкоого алсын.

7. Бишкек шаарынын мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору (А.Буюклянов):

- балдардын жайкы эс алуу мезгилинде билим берүү мекемелеринде, сейил бак эс алуу аймактарында, көлмөлөрдө мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө иштерин камсыз кылсын;

- фонтандарда сууга түшүүгө жана сууларды ичүүгө жол берилбей тургандыгы жөнүндө маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштыруу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын Коомчулук менен байланыш башкармалыгына материал даярдасын;

- мектеп алдындагы лагерлердин кызматкерлерин медициналык текшерүүдөн өтүшүн контролго алсын.

8. "Бишкексууканал" ӨЭБсы (А.Исаев):

- 2016-жылдын жай мезгилинде конуштардагы мектеп алдындагы лагерлерди үзгүлтүксүз суу менен жабдууну камсыз кылсын;

- шаардык фонтандарда сууга түшүүгө тыюу салынгандыгы жөнүндө эскертүү белгилерин орнотсун.

9. "Жашылдандыруу курулуш" МИ (Т.Элгондиев) шаардыктардын жайкы эс алуу мезгилинде Панфилов, Кара-Жыгач токою сейил бактарында, Комсомол жана Пионер көлдөрүндө суу ичүүчү фонтанчаларга суунун үзгүлтүксүз берилишин, аймактарды санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, өз убагында сугаруу жумуштарын аткарууну камсыз кылсын.

10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо вице-мэр А.М.Рыскуловага жүктөлсүн.

 

Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясынын төрагасынын орун басары

 

Э.Зарлыков

 

Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясынын катчысы

 

Р.Айтымбетов